Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Жети-Өгүздөгү мөңгүлөргө БАЭ, Сауд Арабия лидерлеринин ысымын берүү сунушталды

0
Жети-Өгүздөгү мөңгүлөргө БАЭ, Сауд Арабия лидерлеринин ысымын берүү сунушталды

Парламенттин тармактык комитети Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдүн бирине Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян, дагы бирине Падыша Абдул Азиз деген аталыш ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сунуштады. Комитет жыйынында мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев жогорудагы адамдар кимдер экенин жана алардын Кыргызстанга салымын айтып берди.

“Шейх Заед бин Султан - Бириккен Араб Эмиратынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти. 30 жылдык башкаруусунда биринчилерден болуп Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн тааныган. 2022-жылдын декабрь айында эки өлкө ортосунда миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлган. Сауд Арабиясынан Мамлекеттик ипотекалык компанияга 100 млн. доллар келет. Абдул Азиз - Сауд Арабиясынын биринчи падышасы ”, - деди Байдылдаев.

Ал эки мамлекет тең Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүп келгенин белгиледи.

2011-жылы Чүй облусунун Москва районундагы тоо кыркаларындагы мөңгүгө Орусиянын президенти Владимир Путиндин аты берилгени коомчулукта талкуу жараткан. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *