Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Орунтаев “Батуми” тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартты

0
Орунтаев “Батуми” тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартты

30-майда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XVII сессиясында депутаттар башка маселелердин катарында калаадагы мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү чараларын да карашты.

Вице-мэр Нурдан Орунтаев муниципалдык менчикте турган жерлердеги эрежени бузган объектилер жана тиешелүү линиялардан чыгып кеткен курулуштарды бузуу иштери улантыла турганын айтты.

Депутат Жаныбек Асанбеков Орунтаев бузган “Батуми” рестораны жөнүндө маселе көтөрүп, “эгер ага байланыштуу чечимиңиз мыйзамсыз болуп аныкталса, сурак берип чыксаңыз сиз кызматтан кетесизби?” деген суроо койду. Аталган кафеге 3 миллион сомду кайдан төлөп бере турганын тактады. Нурдан Орунтаев тергөөнүн чечимин комментарийлей албай турганын айтты:

“Укук коргоо органдарынын чечимин эч ким комментарийлей албайт. Бул биринчиден, экинчиден кызматтан кетемби же кетпейминби, аны сиз чечпейсиз. Бул менин жеке чечимим болот. Андай чечим болсо биринчи болуп сизге кабарлап коём”, – деп жооп берди вице-мэр.

Бир аздан соң башка бир депутат Максатбек Алымбеков да “сиз “Батуми” кафесине 3 миллион сом төлөп берүүгө макул болгонуңуз чынбы же жалганбы?” деп кайра тактап сурады. Орунтаев “учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыктан бул суроого жооп бере албай турганын” кайталады.

Вице-мэр Нурдан Орунтаев баштаган Бишкек мэриясынын аткаминерлери шаардын Жал кичирайонунда жайгашкан "Батуми" ресторанын курулуш нормаларын сактабаганы үчүн 24-майда бузуп кеткен. Анын ээси Кадича Бечелова экскаватордун алдына туруп жер тилкени сатып алганын, кафени мыйзамдуу салганын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Бул коомчулукта кайчы пикирлерди жаратып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев объекттин ээлери менен жолугуп кайткан. Андан кийин атайын кызмат вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин “Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” деген эки беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Орунтаев УКМКга сурак берип чыккан.

Атайын кызмат тергөө учурунда Нурдан Орунтаев жабыркаган тараптын чыгымын төлөп берүү милдетин алганы, ошондуктан тергөөчүлөр чакырганда барып туруу убадасы менен коё берилгени, териштирүү уланып жатканын маалымдаган. Келтирилген чыгым 3 миллион сом экени кабарланган.

“Азаттыкка” ага чейин берген комментарийинде вице-мэр Нурдан Орунтаев “кафе ээси менен ижаранын мөөнөтү бүткөнүн, алардын иши мыйзамдуу экенин айткан”. Ал ошондой эле “жеңил конструкция курулушу керек болгон жерге ишкер капиталдык курулуш салып алганын айтып, аны бузууга он күн убакыт берилгенине карабай талапты аткарбай коюшканын” тактаган. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *