Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Евробиримдик Косовону чыңалууну басаңдатууга чакырды

0
Евробиримдик Косовону чыңалууну басаңдатууга чакырды

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелл 30-майда Косово бийлигин жана каршылык акциясын уюштуруп жаткан этностук сербдерди өлкө түндүгүндөгү чыңалууну токтоосуз басаңдатууга чакырды.

«Тараптар жоопкерчиликтүү аракеттерге барып, кырдаалдан чыгуу боюнча диалог аркылуу саясий чечим табышат деп күтүп жатабыз», - деп жазды Боррел Твиттерге.

30-майда эртең менен полиция билдиргендей, негизинен сербдер отурукташкан Звечан, Лепосавик жана Зубин-Поток аймактарында кырдаал туруктуу. Анткен менен жергиликтүү сербдер каршылык акцияларын улантарын эскертишкен.

КФОР ( Косоводогу туруктуулукту камсыздоо үчүн киргизилген НАТО башында турган эл аралык күчтөр) аскерлери 29-майда Звечан шаарынын мэриясына кирип барган сербдерди кууп таркатууга аргасыз болду. Кагылышууда 25тей аскер жаракат алды. НАТО окуяны кескин айыптап, тараптарды «чыңалууну күчөткөн аракеттерден алыс болууга жана диалог жүргүзүүгө» чакырды.

16 500дөй калк жашаган Звечан шаарында апрель айында өткөн жергиликтүү шайлоону жергиликтүү сербдер бойкоттошкон. Дал ушул калаада жана башка төрт аймакта добуш берүүгө шайлоочулардын 3,5% гана катышканына карабастан, бийлик жергиликтүү албандардын жеңишин таанып, май айында төрт мэр ант берип, кызматка отурган. Буга жергиликтүү сербдер каршы чыгып, акция уюштуруп жатышат.

Сербдер Косовонун 1,8 миллион калкынын 5% түзөт. Алардын көбү өлкө түндүгүндөгү төрт аймакта отурукташкан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *