Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Жаза аткаруу кызматы Аспековдун бошотулганы боюнча түшүндүрмө берди

0
Жаза аткаруу кызматы Аспековдун бошотулганы боюнча түшүндүрмө берди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) активист Мелис Аспеков президенттин соттолгондорго ырайым берүү боюнча жарлыгынын негизинде 23-майда Молдовановка айлындагы №27 абактан бошотулганын билдирди.

Маалыматка ылайык, алты жылга соттолгон Аспековдун жаза мөөнөтү 2021-жылы 9-январынан баштап эсептелген. Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылы 23-майда “Соттолгондорго ырайым берүү” боюнча жарлыгынын негизинде Аспековдун жаза мөөнөтү үч жыл сегиз айга кыскартылган. 

"Аспеков абакта 2 жыл 4 ай 14 күн отурганы жана ырайым менен 3 жыл 8 айы кыскартылганы кошулуп жаза мөөнөтүн өтөп бүттү",- деп билдирди ЖАМК.

Мекеме “Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” мыйзамына ылайык, ырайым берүү соттолгон адамдын жеке кайрылуусу менен караларын белгиледи. Ырайым берүү бул – сот чечими чыккан адамды толук же жарым жартылай жазадан бошотуу жана өкүмдү жумшартуу.

2022-жылы 23-мартта Биринчи май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча да алты жыл чегерип, жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган.

Ошол жылдын июль айында Бишкек шаардык сот өкүмдү өзгөрткөн. Анда райондук соттун өкүмүндөгү Аспековдун Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Алдамчылык” беренеси менен күнөөлүү деп таап, бирок жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чарасы берилген эмес.

Шаардык сот Аспековдун алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Опузалап талап кылуу” деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке "15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу" деген айып боюнча ошол эле кодекстин “Алдамчылык” деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган.

Аспеков соттук жараяндарда күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирген. Президент Садыр Жапаров анын айыптоосун четке каккан. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *