Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Жаза аткаруу кызматы абактагы аялдарды балдары менен жолуктурду

0
Жаза аткаруу кызматы абактагы аялдарды балдары менен жолуктурду

Жазаларды аткаруу кызматы 30-майда Чүйдүн Степное айылындагы №2 абакта отурган аялдарды балдары менен жолуктурду.

Аталган мекемеден билдиришкендей, иш-чара 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган.

Ал жерге ырчылар, цирк өнорпоздору барып, Жаза аткаруу кызматынын ардагерлери балдарга белек-бечкектерди беришти. Эне-баланы жолугуштуруу мекеменин ардагерлер кеңешинин демилгеси менен биринчи жолу уюштурулду. 

Степное айылындагы бул абакта жалаң аялдар кармалат. Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде ар кандай кылмыштуулук менен соттолгон алты миңден ашуун адам жаза өтөп жатат. Соттолгондордун көбүнүн жашы жете элек балдары бар.  (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *