Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробековага “улуттук крокодил” деп айткан сөзү үчүн дисциплинардык сөгүш берилди. Мындай чечим академиядагы атайын жыйында кабыл алынганы окуу жайдын сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, чогулуштун жыйынтыгында Айнур Жоробекованын сөзү “коомчулуктун намысына тийип, этикалык нормаларды бузган” деп табылды. Ректор Чинара Адамкулова Дипломатиялык академия Тышкы иштер министрлигине караштуу экенин белгилеп, мекеменин позициясын карманууга жана кызматкерлерди ар кандай жыйындарда сүйлөөдө этиканы сактоону эскертти.
Жоробекованын айтымында, конференцияда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орус тили, орус диаспораларынын кысымга кабылуусу жөнүндөгү талкууда Кыргызстанда орус тилинин абалы жакшы экенин айткан. Ал “улуттук крокодил” деген сөзү үчүн кечирим сурап, бул термин эксперттик чөйрөдө коомчулукту араздаштыргандарга колдонулат деди.
Жогорку Кеңештин 31-майдагы жыйынында депутат Камила Талиева Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекованын “улуттук крокодил” деп айткан сөзүн сындап, чара көрүүгө чакырган. Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Тышкы иштер министрлигине бул боюнча иликтөө жүргүзүү боюнча кайрылганын билдирди. Шакиев кафедра башчысынын сөзүн “улутту шылдыңдоо” катары баалады.
Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекова Орусиядагы “Валдай” клубу уюштурган III Борбор Азия конференциясында тил жөнүндө сүйлөп жатып, “улуттук крокодилдердин нааразылыгына карабай жогорку окуу жайларда сабак орус тилинде өткөрүлөт” деп айткан. Бул социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. (TSh)
Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)
Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks
Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)
Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»
«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата
Литературный монолог
«По праву памяти»,
к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова,
советского и российского писателя.
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ