Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Бишкекте “Жеткинчек” спорт фестивалы өтүп жатат

0
Бишкекте “Жеткинчек” спорт фестивалы өтүп жатат

Бишкектеги “Газпром - балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплексинде “Жеткинчек” аталышындагы спорт фестивалы өтүп жатат.

Аталган комплекстин директору Каныбек Жолчубековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, фестивалга сегиз жаштан 12 жашка чейинки курактагы Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин, спорт мектептеринин жана спорт клубдарынын миңге жакын тарбиялануучулары катышууда.

Аталган фестиваль 1-июнь балдарды коргоо күнүнө арналып, былтыр алгачкы жолу өткөрүлгөн. Окуучулар кичи футбол, шахмат, дзюдо, таэквондо JTF, бокс, эркин жана грек-рим күрөшүнөн таймашып, байге ээлери кубок, медалдар жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат.

29-майда башталган таймаштар 1-июнга чейин уланат.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаардык мэриясы, ага караштуу маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана “Газпром - балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплекси биргеликте уюштурган. (ECh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *