Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

"Кыргызстанда логистиканы жакшыртпаса, футбол өнүкпөйт"

0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдешине катышат. Оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 10-16-июнь күндөрү өтөт. Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлө турган CAFA NATIONS CUP-2023 турниринде Кыргызстан “В” тайпасында Иран жана Ооганстан менен ойнойт.

Улуттук курама команданын жаңы дайындалган башкы машыктыруучусу Штефан Таркович мелдештин алдында, 6-июнда команданын акыркы курамын жарыялай турганын билдирди. Ал мелдешке даярдык, кыргыз футболу тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

- Штефан мырза, Кыргызстанга келгениңизге бир айга жакындап калды. Алгачкы таасирлериңиз тууралуу айтсаңыз?

- Кыргызстандан алган таасирим өтө жакшы. Кыргызстан мен үчүн жаңы өлкө. Европа менен Борбор Азиядагы жашоо кыйла эле айырмаланат экен. Бирок мен абдан бактылуумун. Буга чейин Кыргызстан тууралуу көп эле жолу уккам. Абдан жакшы ойдо болчумун. Буюрса, баары мен күткөндөй болот деп ойлойм.

- Команда менен тааныша алдыңызбы?

- Ооба, биринчиден мага 33 футболчуну 8-майга чейин тандоого туура келди. Ал учурда Бишкекке келгениме 8 эле күн болгон. Кыска убакыттын ичинде 33 оюнчу тандоо - абдан оор болду. Мен чет өлкөлөрдө ойногон футболчуларды издедим. Жергиликтүү чемпионатта ойногон футболчуларды байкап көрдүм. Ар бир футболчу тууралуу маалымат топтодук. Жардамчым Карл Праженский менен жергиликтүү чемпионаттын бир нече оюндарын көрүп чыктык. Бизге оюнчуларды тандоо өтө кыйын болду. Эң башкысы - улуттук кураманын оюндары болду. Акыркы 14 оюнуна анализ кылдык. Командага эл аралык мелдештерде ойногон тажрыйбалуу оюнчуларды топтоо абдан маанилүү.

Андан сырткары, ички чемпионаттагы бир топ оюндарды стадионго барып көрүп чыктым. Азыр кыргыз футболчулары тууралуу көп эле маалымат билип калдым. Өздөрү менен толук тааныша элекмин. Бирок оюндан кийин айрым футболчулар менен жолугуп, сүйлөштүм. Андан сырткары, Мирлан Мурзаев жана Гүлжигит Алыкулов Кыргызстанда болгондуктан аларга жолугуп, машыгууларынын пландары тууралуу пикир алыштык. Аларга болгон талабымды, оюнчулардан эмне күтөрүмдү машыгуулар башталганда гана айта алам.

- Буга чейинки маалымат жыйында кыргыз футболуна жаңылык алып келем деп айткансыз. Кандай жаңылык болот? Эмне өзгөрүүлөрдү күтөбүз?

- Өзүмдү тажрыйбалуу машыктыруучумун деп ойлойм. Кыргыз футболу үчүн профессионалдуулукту алып келем деп ишенем. Мен үчүн кесипкөйлүк - оюн тааласындагы чөптөн баштап, улуттук кураманы жогорку деңгээлде башкарууга чейин. Ошондуктан мени өз ишин мыкты билген кесипкөй адистер курчап турушу маанилүү. Штабымда да, оюн талаасында профессионалдар болушу керек.

Кесипкөйлүк - келишим түзүп эле койгон менен чектелбейт. Ал футболчулардын оюнга болгон мамилеси экенин, аларга жеткиргим келет. Акырындап максаттарыбызга жеткенге аракет кылам. Кураманын алсыз жактарын таап, аларды жоюуга аракет кылабыз. Керектүү кадамды, керек учурда таштоо маанилүү.

- Улуттук кураманын чабуулун жакшыртуу керектигин айткансыз. Дагы кайсы позицияларды жакшыртуу зарыл?

- Буга чейин Кыргызстан курамасынын оюндарын көрүп, анализ кылгандан кийин, мурунку машыктыруучу Александр Крестининдин жасаган ишине баа бердим. Ал команданын, оюндун деңгээлин аябай көтөрүптүр. Муну кураманын Азия чемпионатында ойноп, мелдеште өз тайпасынан чыга алганы тастыктап турат. Мен сындагым келбейт, бирок акыркы алты оюнда курама эффективдүү оюн көрсөтө алган эмес. Менин оюнчуларга жеткиргим келгени, оюн тааласында эки айып аянтчасы бар. Биз атаандаштын айып аянтчасында көбүрөөк ойногондо гана гол киргизгенге, жеңгенге мүмкүнчүлүгүбүз жогору болот. Ошол мүмкүнчүлүктөрдү колдоно да билишибиз керек. Ар бир футболчу беттеште ар бир майда нерсе өтө маанилүү экенин түшүнүшү зарыл. Биз ушундай мамиле кылып, ойногондо гана жыйынтык көрсөтө алабыз.

- Улуттук кураманын акыркы тизмеси качан белгилүү болот? Ага кандай сапатка ээ футболчулар кириши мүмкүн?

- Футболчулардын акыркы тизмесин 6-июнга жарыялайбыз деген план бар. Ага чейин 1-июнда окуу, машыгууларыбыз башталат. Ага жергиликтүү чемпионатта ойногон футболчулар катышат. Мына ушул машыгуулардан футболчулардын оюн учурундагы, анын сыртында өзүн алып жүрүүсүн байкайм. Ушул окуу- машыгуулардан кийин командага кандай оюнчулар керек экенин анык айта алам. Баса, биздин алдыдагы уюштурулуп жаткан машыгууларыбыз үчүн Кыргызстандын Премьер-лигасынын президентине, клубдарга ыраазычылык билдиргим келет. Анткени алар биздин ушул окуу-машыгуубуз үчүн өздөрүнүн календарларын алмаштырып, пландалган оюндарын жылдырганга макул болушту. Машыгуулардан кийин алдыдагы беттешке катыша турган 22 оюнчунун тизмесин жарыялайм.

- Сиз жергиликтүү чемпионаттын оюндарын көрдүм дедиңиз, кандай оюнчуларды байкадыңыз? Негизи эле Кыргызстандын футбол чемпионаты тууралуу эмнелерди айта аласыз?

- Кыргызстандын Премьер-лигасынын абдан көп оюндарын көрдүм. Канча оюн көргөнүмдүн санын да билбей калдым. Алардын арасында жогорку сапаттагы оюндар болду. Абдан начар сапаттагы оюндарды да көрдүм. Анткени айрым клубдар өтө начар футбол талааларында ойношот экен. Бул футболго өз таасирин тийгизет. Менин оюмча Кыргызстандагы футболдун эң башкы көйгөйү - логистика. Менимче, жакшы оюн көрсөтүү үчүн жакшы оюн талааларында ойнош керек. Оюн талааларынын сапатынын начардыгы жергиликтүү футболчуларга өз талантын көрсөтүп, мыкты ойношуна оорчулук жаратат экен. Ошого карабай чемпионатта ойногон бир канча таланттуу оюнчуларды көрө алдым. Жаш оюнчуларды байкадым. Келечекте алар улуттук курамада ойной алганга дарамети жете турган оюнчулар экен. Ал таланттарды өнүктүрүү керек. Албетте, өнүгүү бир күндө эле келип калбайт. Ага тынымсыз эмгек талап кылынат. Муну оюнчулар жакшы түшүнүшү керек. Менимче, ушул багытта иштеп, логистиканы жакшыртса эле Кыргызстандын футбол чемпионаты өнүгүп, кыргыз футболу мындан да өнүгөт.

- Биз сиз менен азыр борбордук стадиондо турабыз. Бул стадион 1940-жылдардын башында курулган. Буга чейин чет элдик курамалар келгенде стадиондун абалына сын айтышкан машыктыруучулар болгон.

- Бул азыркы учурдагы реалдуулук. Бул темада бир нече сөз айткым келип турат. Кыргызстанга келүү тууралуу чечим кабыл алаардын алдында Кыргызстандын футбол бирлигинин президенти, техникалык директорлор менен сүйлөштүм. Алар өз өлкөсүндө футбол тууралуу маалыматы көп жана кыргыз футболун өнүктүрүүгө аябай ынтызар экенин байкадым. Алар стадиондун жакшыртуу үчүн колдон келген аракеттерди жасап жатканын көрдүм.

Жакында эле футбол бирлиги жаңы офисин ачты. Эми анын айлансын дагы жакшыртышы керек. Өкмөт менен федерация биригип стадион, футболчулардын сапаттуу машыгуу өткөрүүсү үчүн шарт түзүп берүүгө чогуу аракет кылат деп ишенем. Кыргыз футбол бирлигинин жаңы имаратын ачуу үчүн ФИФА президенти Жанни Инфантино келгенин билесиздер. Ошол иш-чарада мен президент Садыр Жапаров менен жолугуп, сүйлөшкөндө ал өзү да футболду аябай сүйөөрүн айтып, мындан ары Кыргыз футбол бирлигин колдоого даяр экенин билдирген.

Эгерде футболдун тегерегиндеги кишилердин баарын биригип, бири-бирине жардам берип иштешсе, Кыргызстандын футболун өнүктүргөнгө күчү жетет деп ойлойм. Ал үчүн баары чогуу иштеши керек. Анан айта кетчү нерсе, мен бул стадиондо өткөн көп оюндардын видеосун көрдүм. Ар бир оюнда стадион жык-жыйма толуп, күйөрмандар улуттук кураманы абдан жакшы колдойт экен. Алардын футболду ушунчалык сүйгөнү көрүнүп турат. Бул курама командага дем берет. Негизи эле күйөрмандардын улуттук кураманы колдогону футбол үчүн өтө маанилүү.

- Сизди Словакияда тактикага басым жасаган машыктыруучу катары таанышат экен. Кыргызстан курама командасында кандай тактикалык өзгөрүүлөр болот?

- Мен системага басым жасаган машыктыруучумун. Менин көз карашымда, футбол - адамдарга арналган оюн. Экинчиден, оюнчулар тартипти абдан жакшы карманышы керек. Мен футболчулардан оюн учурунда да, оюндан сырткары да тартипти талап кылам. Бул мен үчүн өтө маанилүү нерсе. Футбол менин жашоомдун бир бөлүгү. Андыктан стратегия, тактика менен ийгиликке жетүүгө болорун жакшы билем. Мага андан сырткары, футбол жылдыздарына караганда күчтүү курама команда керек. Словакияда дагы Кыргызстанга окшош муун алмашуу жүрүп жатат. Көрүүчүлөр үчүн жеңиш керек. Жеңиш болбосо, кайсы жерде болбосун сынга кабыласың. Сынды мен туура кабыл алам.

Словакия тууралуу айтсам, биздин жергиликтүү чемпионатта ойногон оюнчулардын көпчүлүгү коргоочу болгондуктан чабуулда ойногон оюнчулар дээрлик жок болуп, команданын акыркы оюндарда жыйынтыгы начар болду. Бул жерде да ушундай сын болду. Бул машыктыруучунун жашоосунун бир бөлүгү деп айтсам болот. Азыр анын баары артта калды. мен азыр Кыргызстандамын жана менин карьерамдагы бул бөлүк башкача болот.

- Алдыда Азия кубогу турат. 2019-жылы улуттук курама өз тайпасынан чыга алган. Бирок анда мурдагы машыктыруучу Александр Крестинин курама менен дээрлик беш жыл иштеген. Сиз жарым жылда ошондогу ийгиликти кайталай ала турган команда түзөм деп ишенесизби?

- Бул колдон келе турган нерсе десем болот. Бирок өтө оор. Өзүңүз айткандай, команда менен беш жыл иштеген менен жарым жыл иштегендин айрымасы бар. Крестинин беш жылда жеткен жыйынтыкты менден алты айдын ичинде күтүп жатышат. Бирок бул машыктыруучулардын кадимки жашоосу. Аларга дайыма кыска мөөнөттөгү тапшырмалар коюлуп келет. Бул бир гана Кыргызстанда эмес, бүт дүйнө жүзүндө практикаланат. Мен ушуга окшош эле абалга Словакияныны улуттук курамасында башкы машыктыруучу Ян Козактын ассистенти болуп иштеп жаткан учурда туш болгом. Анын жардамчысы болуп беш жылдан ашык иштегем.

Азыр менден Кыргыз футбол бирлиги эмне талап кылып жатканын жакшы түшүнүп турам жана бул менин үчүн чоң сыноо болмокчу. Мен футболчуларды мурунку ийгилигин кайталай ала тургандыгына ынандыргым келет. Балким, мурунку ийгилигин кайталап тим болбостон, андан ашып да өтөбүз.

- Алдыда CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдеши турат. Футболчуларга, күйөрмандарга эмне дейт элеңиз?

- Мына ушул стадиондо өтө турган оюнду чыдамсыздык менен күтүп атам. Анткени бул менин Кыргызстандын улуттук курамасы менен биринчи оюнум болмокчу. Күйөрмандарга жакшы сезимдерди тартууларыбызга ишенем жана аларды стадионго келип, бизди колдоп берүүсүн суранам. Анткени алардын колдоосу биз үчүн өтө чоң жардам болот.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *