Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Өзбекстанда прокурор блогер Муминовду 11 жылга эркинен ажыратууну өтүндү

0

Ташкенттин Мирабад райондук сотунда таанымал блогер Абдукодир Муминовдун ишин кароо аягына чыгууда. 1-августта өткөн жараянда прокурор судья Сардорбек Садиковдон блогерди 11 жылга абакка кесүүнү суранды.

247 миң катталуучусу бар Ko'zgu Ютуб-каналынын автору, блогер, 33 жаштагы Абдукодир Муминов "Ири көлөмдөгү каражат талап кылуу", "Алдамчылык", "Пара берүүгө катыштыгы бар" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. Ага каршы 14 киши, анын ичинде бир нече ишкер арыз жазган.

Айрымдардын сөзүнө караганда, алар блогерге иликтөө жүргүзүп бер деп акча берген, бирок өздөрү күткөндөй жыйынтыкка жете алган эмес. Ишкерлер бул үчүн Муминовго миңдеген доллар бергенин айтышкан. Блогер дооматтарды четке кагып, айрымдардын акчасын кайтарып берүүгө даяр экенин билдирди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди жана анын күйөө балдарын сындап келген Муминов 8-февралда кармалган. Анын апасы Сабохат Абдуллаева баласынын камалышын блогерлик ишине байланыштырат.

Соңку бир нече айда Өзбекстанда он чакты журналист жана блогер камалган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *