Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

"Туюк-Суу" уран калдыктарын сактоочу жайды рекультивациялоо башталды

0

Жумгал районунун Миң-Куш айылында "Туюк-Суу" уран калдыгын сактоочу жайын көчүрүү иштери башталды.

Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы 1-августта кабарлады.

13-июлда президент Садыр Жапаров Миң-Куш айылынын жергиликтүү калкы менен жолугушуп, радиоактивдүү калдыктарды жок кылуу, зыянсыздандыруу "Туюк-Суудагы" уран калдыктарын "Дальнее" сактоо жайына ташуу учурундагы коопсуздук маселелери боюнча кооптонууларын уккан.

"Жыйынтыгында айыл тургундарынын басымдуу бөлүгү рекультивациялык иштердин башталышына макулдугун берип, колдошкон. Мамлекет башчысы радиациялык фондун деңгээли жол берилген ченемден ашпашы керектигин, андан ашса рекультивациянын токтотулушун, уран калдыктарын объекттен биринчи жолку ташып чыгуусун жеке көзөмөлгө алууну убада кылган", - деп айтылат маалыматта.

Июлдун аягында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев орусиялык "Росатом" ишканасынын өкүлдөрү менен Жумгал районунда уран калдыктарын көчүрүү иштери менен таанышкан.

Буга чейин Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган. Алар программанын алкагында өлкөдөгү Кажы-Сай, Туюк-Суу, Миң-Куш жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылат. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *