Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

БШК Абировдун талапкерлигин каттоодон баш тартты

0
БШК Абировдун талапкерлигин каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округунан депутаттыкка шайланып, кийин мандатын тапшырган Жаныбек Абировду кайра шайлоого катышуудан четтетти.

Бул тууралуу чечим БШКнын 2-августтагы отурумунда кабыл алынды.

Тиешелүү токтомдо Абиров мандатын тапшырганы үчүн шайлоо өнөктүгү башталганын, ал башкалар шайлануусу үчүн орун бошотуп бергени үчүн кайра шайлоого катышпашы керектиги айтылат. Мындан улам анын талапкерликке берген арызы жана документтери кабыл алынган жок.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова отурумда жагдайды комментарийлеп жатып, мурдагы парламентарий чечимге каршы сотко даттанса болорун айтты.

Сөз болуп жаткан округдан Жогорку Кеңешке депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү катышкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

Бул округда кайра шайлоо 28-майда өткөн. Боршайком добуш берүүнүн жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86 % добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон. Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген доомат айтылган.

Кайра шайлоо 10-сентябрга белгилеген. Ага катышуу үчүн Абиров башка талапкерлердин катарында 28-июлда арыз берген. Аны кошкондо кайра шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 2-августта 16га жеткен. Талапкерлердин арызын алуу 10-августта аяктайт жана каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *