Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Көкбөрү: президенттин кубогу Ошто өтөт

0
Көкбөрү: президенттин кубогу Ошто өтөт

Быйыл өлкө эгемендигин утурлай өтө турган көкбөрү боюнча президенттин кубогу Ош облусунда өтөт.

Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Көкбөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев маалымат жыйында билдирди.

Ага канча команда катышары Ысык-Көлдө өтчү клубдар аралык Дүйнө кубогунан кийин белгилүү болот. Бул мелдеш 13-августта башталып, 20-августта аяктайт.

"Андан кийин командалар оюнчулардын жана жылкылардын абалына жараша чечим чыгарат", - деди Бегалиев.

Президенттин кубогу 24-августта башталат, ал эми финалдык беттеш 31-августта өтөт.

Дүйнө кубогуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Венгрия, Орусия, Түркия жана АКШдан клубдар катышат.

Эгемендик күнүнө арналган көкбөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогун былтыр Ош облусунун “Алай” командасы алган. Мелдеш Нарын облусунун Эмгекчил айылында өткөн. Ага 19 команда катышып, алты тайпага бөлүнүп ойношкон. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *