Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Депутат Эмил Жамгырчиевге козголгон иш токтотулду

0
Депутат Эмил Жамгырчиевге козголгон иш токтотулду

Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш ишин токтотуу чечимин чыгарды.

Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы 4-августта “Азаттык” радиосуна билдирди.

Судья Жамгырчиевдин жактоочусунун “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Конституциялык сотко кайрылуу өтүнүчүн канааттандырды. Беренеде депутатты Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугун алуу тартиби каралган.

Чечимге ылайык, Конституциялык сот өтүнүчтү карап чыкканга чейин кылмыш иши токтотулуп турат. Ал эми айыпталуучулардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салуу чечими күчүндө калды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясынын) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга айыпталып кармалганын кабарлаган.

Мурдараак анын аты Финполдун Чүй облусундагы башкармалыгында Кытайдан 2018-жылы ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң долларлык пара боюнча окуяда аталган.

50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Жамгырчиев адегенде “ыплас ушак” деп атаган, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан. Өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шек саналып Жамгырчиев менен кошо кармалган Калмуратов дагы үй камагына чыгарылган. Экөө тең кийин Жогорку сотто акталган.

Былтыр 6-декабрда Башкы прокуратура аларды актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылганы, иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өтүнүч келтирилгени белгилүү болгон.

Жогорку сот Эмил Жамгырчиевге жана Бактыбек Калмуратовго козголгон ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра тергөө тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырганын мекеменин басма сөз кызматы 11-январда билдирген.

Жамгырчиев Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери өзбек тарапка өтүшүнө каршы добуш берген саналуу депутаттардын бири болгон. Былтыр 27-ноябрда УКМК аны Казакстанга өтүп баратканда чек арадан кармап, кайра коё бергени маалымдалган. 1-декабрда УКМК депутаттын дайыны белгисиз экенин билдирген.

Кийин 11-январда Жамгырчиев парламент жыйынына келген. Ал чек арадан аны эч ким кармабаганын журналисттерге билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *