Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Кой-Таш окуясына байланыштуу сот процесси белгисиз мөөнөткө жылды

0
Кой-Таш окуясына байланыштуу сот процесси белгисиз мөөнөткө жылды

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш ишин териштирүү белгисиз мөөнөткө жылды. Аталган соттун басма сөз катчысы Темир Ильясовдун "Азаттыкка" билдиришинче, буга айыпталуучулардын биринин ооруп калганы себеп болду. Сот жараяны былтыр жабырлануучулардан көрсөтмө алуудан башталган  жана аягына чыга элек. 

"2022-жылы 8-августта сотто далилдерди изилдөө тартиби аныктаган. Ага ылайык, биринчи жабырлануучулар, андан кийин күбөлөр суралат. Айыпталуучулар суралгандан кийин кылмыш ишиндеги материалдарды иликтөө башталат. Андан кийин тараптар жарыш сөзгө чыгат. Кой-Таш окуясында 157 адам жабырлануучу, 124 киши күбө деп таанылган. Ушул күнгө карата Кой-Таштагы окуялар тартылган видео материалдардын баары көрсөтүлүп бүттү. Жалпысынан 86 жабырлануучу суралды. Алардын 65и милиция кызматкери, калган 18и "Альфа" атайын бөлүгүнүн кызматкери. Андан сырткары жабырлануучу тараптын үч өкүлү менен төрт күбөсү көрсөтмө берди. Сот Ички иштер министрлигине жабырлануучуларды сотко алып келүү тууралуу өз маалында кабарлап жатат, бирок сот процесстерине бир-экиден гана жабырлануучу келип, арым учурда такыр эле келбей калып жатат. Ошондой эле сот жараянанын создуккан дагы бир себеби бул адвокаттардын жоопкерчиликсиздиги, суракка ала турган адамды өз маалында алынып келинбеши болуп жатат. Айыпталуучулардын бири ооруп калганына байланыштуу сот жараяны белгисиз мөөнөткө жылды",-деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда Европа парламиентинде Кой-Таш окуясына байланыштуу соттун создукканы жана жабыркаган тургундардын күч органдарына карата дооматы иликтенбей жатканына байланыштуу маселе көтөрүлгөн. 

Европалык социалисттер партиясынын төрагасынын орун басары Катарина Рот Неведялова 12-июлда Брюсселде "төрт жылдан бери адамдар иштеген жумушунан алагды болуп, сотко бара берүүдөн тажашты", деп айткан. Ал Кыргызстандын укук тартибин коргоо органдары күч кызматкерлеринин 2019-жылдын 7-8-августундагы аракетине арызданган 1700 жай тургундун суроолоруна алигүнчө жооп бербей, териштирүү баштай электигин белгилеген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев быйыл 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткени айтылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.

Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин айтышкан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *