Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Бишкек аймактарда “Маариф” мектептерин ачууга кызыкдар экенин билдирди

0
Бишкек аймактарда “Маариф” мектептерин ачууга кызыкдар экенин билдирди

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын улуттук билим берүү министри Юсуф Текин менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тарыхый башаты жана маданий баалуулуктары жакын бир тууган мамлекеттердин ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлде экенин белгилешти.

Билим берүү жана илим тармагында кыргыз-түрк кош тараптуу кызматташтыгынын орчундуу маселелери, атап айтканда, Ван провинциясынын Улуу Памир айылына кыргыз тили жана адабияты, музыка жана элдик кол өнөрчүлүк мугалимдерин жиберүү, билим берүү тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу боюнча протокол түзүү процесси өзүнчө талкууланды.

Элчи Руслан Казакбаев Түркиянын “Маариф” фондунун Кыргызстандагы билим берүү мекемесинин ишмердигине оң баа берип, өлкөнүн бардык аймактарында кошумча мектептердин ачылышына үмүттөнөрүн билдирди. Ал Түркиянын билим берүү тармагындагы бай тажрыйбасын эске алуу менен кыргыз-түрк кесиптик лицейлерин ачууга кызыкдар экенин айтты.

Өз кезегинде министр Юсуф Текин билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдыруу үчүн Бишкектен сунушун иликтөөгө даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы аралыкта министрликтердин жетекчилеринин Кыргызстан менен Түркияга өз ара иш сапарларын өткөрүү боюнча макулдашууга жетишти.

Түрк өкмөтү каржылаган “Маариф” фонду менен кызматташтык тууралуу меморандум 2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы расмий сапары учурунда кабыл алынган.

Ошондон үч жыл өткөндөн кийин – 2021-жылы “Маарифтин” алгачкы мектеби Бишкекте ачылган. Фонд келечекте мындай билим берүү комплекстерин Кыргызстандын облустарында да ачууну пландап жатканы, Оштон кийин Жалал-Абад жана Баткендин да балдары кабыл алынары белгилүү болгон.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды азыр Түркияда соттолууда.

Түркиянын Бишкектеги элчилиги андан бери “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерин же жабууну, же “Маариф” фондуна өткөрүп берүү өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине бир нече жолу кайрылган. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *