Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Өкмөт аскердик товарлардын импорт-экспортун текшерүүнү күчөткөн токтом даярдады

0
Өкмөт аскердик товарлардын импорт-экспортун текшерүүнү күчөткөн токтом даярдады

Экономика жана коммерция министрлиги кош багытта колдонулуучу товарлардын тизмесине аскердик багыттагы товарларды кошуу тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Долбоор курал-жарактарды даярдоого, мыйзамсыз жүгүртүүгө, импорт-экспорттоого жана реэкспорттоого жол бербөө үчүн текшерүүнү күчөтүү максатын көздөйт.

“Экспорттук контроль жөнүндө” мыйзам менен өкмөттүн “Кыргыз Республикасынын көзөмөлдөнүүчү продукциясынын улуттук көзөмөл тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде текшериле турган товарлардын тизмеси бекитилген. Алты тиркемеден турган тизмеге аскердик багыттагы товарлар кирбей калган.

Сунушталган долбоорго ылайык, тизмеге ок атуучу куралдар, артиллериялык, танк жана авиациялык техникалар жана керектүү каражаттар, ок-дарылар, радиактивдүү химиялык заттар, аскердик багытта колдонулуучу бир катар каражаттар кошулган.

Министрлик бул токтомдун кабыл алынышы мамлекеттин аскердик багытта колдонулуучу каражаттарды өлкөгө киргизип-чыгарууну, реэкспорттоону көзөмөлдөөсүн жакшыртат деп эсептейт.

Өкмөттүн аскердик товарлардын импорт-экспортун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө байланыштуу токтом долбоору Батыш өлкөлөрү жана АКШ Орусияга салган санкциялардын аткарылышын текшерүүнү күчөткөн учурга туш келди.

20-июлда жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларына жана алардан товар алып турган орусиялык ишканалар (“Базис Трейд Прософт”, “Радиотехснаб”, “Регион-проф”, “Технологии, системы и комплексы”, “СиАйСи”) АКШнын кара тизмесине киргизилген.

Ага чейин АКШ Кыргызстандагы "Тро, Я" аттуу компанияга да санкция салган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштаганын билдирип, кыргыз бийлиги санкциялык чектөөлөрдү бузбаганын, ошол эле маалда жеке компаниялар билбестиктин айынан мындай кадамга барышы ыктымалдыгын белгилеген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *