Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Бишкекте мектептердин отканалары газга өтө баштады

0
Бишкекте мектептердин отканалары газга өтө баштады

Бишкектин айрым мектептериндеги көмүр отканалары газга өткөрүлө баштады. Бул тууралуу "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, буга байланыштуу шаардагы 20дай мектеп жана бала бакчада иштер дээрлик аяктаган.

Буга чейин өкмөт Бишкектин ыш маселесин чечүү үчүн Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаратылыш газына өткөрүүнү көздөп жатканын билдирген.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Министрлер кабинети Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) газга өткөрүү үчүн каражат бөлүүгө даяр экенин парламенттин профилдик комитетинин жыйынында айткан.

Министрдин айтымында, ЖЭБдин эски блогун толугу менен газга өткөрүү үчүн 4,8 млрд сомдой кошумча каражат керек. Учурда бул багытта "Газпром Кыргызстан" ишканасы менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

Жыл башында өкмөт башчы Бишкектеги ыш көйгөйүнөн улам шаардын жака белиндеги 20 конушту жакын арада газдаштыруу керектигин айткан. Ал тиешелүү министрликтерге жана Бишкек шаардык мэриясына бул жаатта “Газпром” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырган.

Ордо калаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланууда. Жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт.

World Air Quality уюмунун индексинде жыл сайын күз-кыш айларында Бишкек абасы кир шаарлардын сап башына чыгууда.

Декабрь айында Кыргыз гидрометеорология институту Бишкектин абасында күкүрт кош кычкылы, азот кычкылы, формальдегид заттары ченемден ашык экени атайын изилдөөдө аныкталганын билдирген.(КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *