Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Ош: жаңы курулуп жаткан жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү кулады

0
Ош: жаңы курулуп жаткан жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү кулады

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шумкарбек Пайзиев Абсамат Масалиев  жана  Алишер Навои көчөлөрүнүн кесилишине курулуп жаткан айланма жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү кулагынын билдирди.

Мунун алдында социалдык тармактарда 5-августка караган түнү аталган өтмөктүн бир бөлүгүндөгү курулуш урап калганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Пайзиев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул кабарды төгүндөп, бетон куюп жаткан учурда техникалык катачылыктан улам жаңы куюлуп жаткан бетондун тирөөчтөрү кулап кеткенин айтты.

Бул курулуш ушул жылдын май айынын этегинде башталган. Жалпы курулушка шаардык казынадан 45 миллион сом бөлүнгөн. Анын бийиктиги жети метр туурасы төрт метр  болуп, төрт тарабынан жөө адамдар чыгуучу тепкич, майып, араба сүйрөгөн адамдар үчүн лифт орнотуу  каралган.

Бул долбоор шаардагы унаа тыгынын жоюуга багытталганы айтылган. (DSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *