Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Бишкек-Чолпон-Ата жолунда дем алыш күндөрү көзөмөл күчөтүлөт

0
Бишкек-Чолпон-Ата жолунда дем алыш күндөрү көзөмөл күчөтүлөт

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жайкы эс алуу маалында дем алыш күндөрү Бишкек-Чолпон-Ата жолунда көзөмөл күчөтүлүп,  Ысык-Көл менен Чүй облусунун  милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштерин билдирди. Буга байланыштуу кошумча бекеттер коюларын билдирди.

“Айрыкча, Ысык-көлгө жүргүнчү ташыган  машиналар текшерилип,  ылдамдыкты ашыра айдаган, мас абалда болгон жана каршы тилкеге чыккан айдоочуларга чара көрүү үчүн кошумча бекеттер коюлат.  Кечинде Ысык-Көлдөн Бишкекке кайткан машиналардын тыгыны жаралбашы үчүн кызматкерлер көчө кесилиштеринде жол кыймылын  жөнгө салат”,-деп жазылган маалыматта.

ИИМ Бишкекти көздөй багыт алган айдоочуларга тыгында калбаш үчүн мүмкүн болушунча эртерээк жолго чыгууну сунуштады.

Өткөн дем алыш күндөрү көлдөн шаарга кайткан машиналар бир канча саат узун тыгында калган учурлар болгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *