Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

ЕЭК: Бишкек электромобиль импортуна жеңилдикти узартууну сунуштады

0
ЕЭК: Бишкек электромобиль импортуна жеңилдикти узартууну  сунуштады

Экономика жана коммерция министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешине электромобилдерди ташып келүүдө тарифтик жеңилдетүүнү узартууну сунуштады. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.

Ага ылайык, ЕЭКтин былтыркы марттагы чечимине ылайык, бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу менен Кыргызстанга 2022-жылы беш миң, ал эми 2023-жылы 10 миң электромобилдердин айрым түрүн алып келүүгө уруксат берилген.

Ушул жылдын март айында аталган министрлик мындай жеңилдикти дагы эки жылга узартууну сунуштаган. Долбоордо квотаны 2024-жылы 15 миңге, ал эми 2025 жылы 25 миңге жеткирүү жазылган. Ошондон бери бир катар талкуулар жана жолугушуулар болгон. Бирок бул сунушту Орусия колдобой жатат.

“Бул жолугушууларда аталган чараны узартууну Орусиядан башка Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин баары колдоду. Азыр бирдиктүү позиция түзүлө элек, мындан улам сентябрь айында дагы электромобилдерге импорттук бажы алымдарынан бошотуу маселесин кароо уланат”, - деп жазылган маалыматта.

Былтыр ноябрда кыргыз өкмөтү электромобилдердин кубаттоочу станцияларынын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана транспорттун бул түрүн жайылтуу үчүн сунуштарды иликтей турган жумушчу топ түзгөн.

Анда бир канча айдын аралыгында сунуштар жана тийиштүү иш-чаралардын планы даярдалары айтылган. Кыргыз өкмөтү бул жумушчу топтун иши тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Кыргызстанда соңку жылдары электромобилдер көбөйө баштады, алардын баасы да баштагыга караганда арзандап жатат.

Бишкектин архитектура мекемеси шаарда электромобилдерге ыңгайлашкан атайын 63 бекеттин схемасы түзүлүп жатканын маалымдаган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы өлкөдө электромобиль, бульдозер, учкучсуз учуу аппараттарын чыгаруу боюнча ишкана ачыларын билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *