Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

"Өспүрүм кызы жолдо жоголгон". АКШга жетүү азабы, Мексикада кордук көргөн журтташтар

0

“Азаттыктын” кабарчылары Мексика аркылуу Америкага бара жаткан борбор азиялыктардан кабар алды. Кооптуу жолду тандап, өмүрүн тобокелге салган мекендештердин тагдырын чагылдырган даректүү тасма жакынкы күндөрдө коомчулукка жарыяланат.

Журналист Улан Асаналиев бөтөн жерде оор сыноону баштан кечирип жаткан мигранттардын абалы туурасында айтып берди.

Америкага жетүү кыялы жүздөгөн мекендештерди Мексикада азапка салат

"Азаттык": Жакында Америкага Мексика аркылуу үч ай дегенде жөө-жаландап араң жеткен казак жигит “Азаттыкка” маек куруп, “Кариб деңизинде баратканда кыргыз үй-бүлө баласы менен кайыктан сууга кулап кеткенин” айтты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азыр бул үй-бүлөнүн чоо-жайын тактап жатат. Силер Мексикага барганда эмнелерге күбө болдунар, ал жакта борбор азиялыктар көп бекен?

Улан Асаналиев: Биз бул долбоорду баштардан мурда бир жылга жакын убакыт аралыгында Телеграмдагы тайпаларды мониторинг кылып, карап турдук. Ошол жерде мен байкагандан эки-үч тайпа бар, ар бир тайпанын бери дегенде 10 миңден катталуучусу бар. Анткени Америкага Мексика аркылуу өтүүгө кызыгуу чоң. Менин байкашымча, ал жерде күндө түз эфирлер болуп, Мексика аркылуу өткөндөр, Мексикада тургандар, анан азыр жолго чыгабыз деп камдангандар отуруп алып сүйлөшөт. Айрым күндөрү жүзгө чукул киши түз эфирде болушат. Ошондон улам даректүү тасма тартуу идеясы пайда болуп, жетекчиликке сунуш менен кайрылдык. Сунушубуз колдоого алынып, биз Мексикага барып келдик.

Мен башында Телеграмдагы тайпалардагы кишилердин санын көрүп, алардын көпчүлүгү Кыргызстанда эле отуруп, жолго чыгууну пландап жаткандар го деп ойлочумун. Бирок Мексикага барганда ал жерде борбор азиялыктардын, анын ичинде кыргызстандыктардын көптүгүнө таң калдым. Мехико шаарынын өзүндө эле бир нече мейманканада уюшуп жашап жаткан, батирлерде жашап жаткан кыргызстандыктарга күбө болдум. Мексикага келгендер арасында ачылган Вотсап тайпалардын ар биринде бери дегенде 500-600дөн киши бар экен. Мунун өзү азыр жүздөгөн биздин мекендештер Мексикада жүрөт дегенди түшүндүрөт.

“Азаттык”: Буга чейин биз байланышкан айрым жарандар Америкага бара турган ушул жолдун азабы тууралуу маалымат берген учурлар болгон. Мексикага жетүүнүн өзү дагы абдан опурталдуу экенин, ал үчүн бир нече мамлекетти аралап өтүүгө туура келерин айтып берген. Азыр ал жердеги кырдаал кандай экен, Америкага өтүү үчүн канча убакыт күтөт, кандай жолдор менен барат, кандай тобокелдиктер тооруйт экен аларды?

Улан Асаналиев: Жол чындыгында абдан татаал. Ошого кайыл болуп, өмүрүн тобокелге салып, өздөрү гана эмес жанында кибиреген жаш балдарын жетелеп, алардын да жанын тобокелге салып бараткан мекендештер мени тан калтырды. Алар абдан көп, анткени чек арадан үй-бүлө менен өтүү жеңилирээк деген бир кептер дагы тараган экен. Ошого ишенип, үй-бүлөсү менен жолго чыгып алышат экен. Алар Кыргызстандан Стамбулга учуп, Стамбулдан Европанын кайсы бир шаарларына келип, ал жерден кыргыз паспортуна виза талап кылбаган өлкөгө учушат.

Мисалы, Никарагуанын Манагуа шаарына же болбосо Панамага барышат. Анан ошол жактан баштап, Мексика менен чек арага жетиш үчүн жолдун бардыгын мыйзамсыз басып өтүшөт. Мисалы, мен сүйлөшкөн айрым каармандар ошол Манагуадан Мексиканын Тапачула шаарына жетиш үчүн бери дегенде үч-төрт чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Бул жерде кандайдыр бир система жолго коюлуп калыптыр. Ошол эле Телеграм тайпаларда жол коштоочулары, жергиликтүү тилде аларды “койот” деп коюшат экен, ошолор менен байланышка чыгышат. Алар Манагуага келгенден тарта жолоочуларды акчага Мексикага жеткирет. Жол акысы ар бир киши башына эң аз дегенде 300-400 доллардан башталып, 1500-2000 долларга чейин барат. Айрымдар машине менен жолго чыкса, башкалары чакан бир моторлуу катерлер менен деңиз аркылуу сапарга чыгат.

Кариб деңизин бойлоп, кичинекей кайыкка 10-12 ден киши отуруп, үстүнө куткаруучу жилет кийип, 12-15 саат бою отурган абалда сүзөт. Чек араларды мыйзамсыз бузуп өткөнү үчүн алардын аркасынан чек ара патрулдары кубалашы мүмкүн. Ортодо картелдин бандиттери аларды жолдон токтотуп, тоногон учурлар да болот экен. Ошентип Мексиканын Тапачула деген шаарына дейре алардын ар бир мүнөтү тобокелге байланган. Машине менен деле кеткендердин абалы айтып отурса жүрөк түшүрөт. Мени менен сүйлөшкөн бир баланын айтымында, алар кокаин жыттап алып, ашуу, айланма аңгыл-дөңгүл жолдордо полиция кубалап келбесин деп машинени болушунча катуу ылдамдыкта токтобой айдашат экен.

Өзүнүн гана эмес, балдарынын өмүрүн да тобокелге салып...

“Азаттык”: Телеграмдагы тайпаларда жолго чыгам дегендердин коопсуздугуна байланыштуу маселе көтөрүлбөсө деле керек. Алар ошого деле кайыл болуп, ушундай азапка баш байлап жатышабы?

Улан Асаналиев: Америка жетүү кыялы ушунчалык таттуубу, билбейм. Менимче, көпчүлүгү жолдун ошондой азап-тозогун билбейт. Ошол эле Телеграмда көпчүлүгү жетчү жерине жеткенин жазганы менен дээрлик жолдо көргөн азап-тозогу, кордугу тууралуу ачык айтып бербейт. Мисалы, ошол эле Мексикага жеткен же Америкага өтүп алгандар менен сүйлөшкөндө алар эч убакта кайрадан ушул жолду басып өтүүнү каалабай турганын айтышат. Бир кыргыз жигит бул жол психологиялык абалына ушунча таасир эткендиктен, азыр күн сайын Манагуадан Тапачулага бараткан жолдогу пикаптын артында жаткан абалы түшүнөн кетпей, чоочуп ойгонорун айтты. Бул чоң кишинин абалы, ал эми ошол жолдогу окуялар ал жердеги беш-алты жаштагы балдардын психологиясына кандай так калтырат? Балдар кичине болгону үчүн билинбей, унчукпай жүрө беришет, бирок анын кесепети кийин келечекте билиниши мүмкүн.

Бир аял Мексикага жетип, Америка менен чек аралаш Рейноса деген шаарына учайын деп жатканда аны аэропорттон Мексиканын миграциялык кызматы кармап калып, камаган экен. Ошол жерден ал “азыр бизди кайра депортация кылып, Манагуага кайра алып барып салса, кайра ошол жолду кантип басып келем? Эмне деген жолго, эмне деген тобокелдикке балдарымды салганымды ошол жерден түшүнүп, өксүп ыйладым” деди. Дагы биринин айтымында, жолдо машинени абдан катуу айдагандыктан кичинекей баласы көңүлү айнып чыдабай, жолду карай тынбай кусуп жатып, 12 сааттын ичинде кадимкидей азып кеткен. Ошондо гана ал баласы эмне болуп кетет деп коркуп, баласын эмнеге мындай кыйноого салганын ойлоп, эзилгенин айтып берди.

“Азаттык”: Демек эч ким башынан өткөн азапты Телеграм тайпаларда ачык айтып бергиси келбейт. Эмнеге айтып бергенден жазганышат алар же муну артта калган бир жол катары унуткулары келеби? Себеби алар ошондой реалдуу кыйынчылыктарды айтып, жазса, кабарсыз эле жолго камданып жаткандар үчүн бир коңгуроо болот беле?

Улан Асаналиев: Мага ошол тайпалардын ичинде кандайдыр бир табу бардай сезилди. Анткени ошол жол азабы тууралуу бир кеп башталса эле аларды токтотуп, “силер башкаларга тоскоол болбогула” дегендей тыйган сөздөр айтылат. Мен тайпаларда өзүмдүн журналист экенимди билдирген жокмун. Мексикада дагы сенин журналист экенинди билсе эле сүйлөшүүдөн баш тартышат. Атургай менин барганымды билип алгандар тайпага жазып, башкаларды менден оолак болууга, маалымат бербөөгө чакырып жатышты. Мага өзүмө дагы жазып, “кетип кал” дегендей ишарат кылган учурлар болду. Алар “бул маршрут тууралуу медиага маалымат чыкса, анда Мексиканын, Никарагуанын же Американын бийлиги билип калып, бул маршрутту жаап салат, анан бизден кийинкилер келе албай калат, силер башкалардын жолун бууп жатасыңар” деген ойду сиңирип салган экен. Алар негизги максат кандай болсо дагы Америкага жетүү деп ойлошот экен.

Эң негизги маселе, эмне үчүн Америкага Мексика аркылуу баруу популярдуу болуп кетти? Америка пандемия учурунда чек араны жөө кесип өтүүгө тыюу салган. Чек арадан машине менен же учак аркылуу өтүү гана мүмкүн болчу. Ошол кезде деле жарандар машине сатып алып, же “койоттордун” жардамы менен дубалдагы жыртыктардан өтүп жүргөн. Былтыртан баштап, ал тыюу жоюлганы чек арада “Америкага өтөм” деген миллиондогон киши чогулуп калган. Ошондуктан чоң тыгынды жаратпоо үчүн Американын өкмөтү ал жерге полицияны алып келип, ошол жерде CBP-1 деген атайын тиркеме иштеп чыккан. Мексиканын аймагына келгенден кийин ошол тиркемени толтуруп, Америкага башпаанек сурап кирүүгө уруксат сурашат. Ошол тиркемени толтурган соң, белгилүү бир күн белгиленип, ошол күнү чек ара пунктуна келип өтүүгө шарт түзүлөт.

Бул тиркеме азыр чек арадан мыйзамдуу өтүүнүн бир жолу болуп турат. Бирок ал тиркеме лотерея сыяктуу. Кээ бирөө ал менен эки күндө өтсө, кээ бири кезегин айлап күтөт. Бирок жарандар муну Америкага кирүүнүн жакшы бир жолу ачылды деп жаңылыш түшүнүп жатышат. Анткени бул “сен Америкага кирдиң” деген кепилдик эмес. Сен башпаанек сурап жатсаң, аны негиздеп беришиң керек. Америкага киргенден кийин өз өлкөңдө кандайдыр бир басымга кабылып, чыгып кетүүгө аргасыз болгонунду далилдеп беришиң шарт. Ошону түшүнбөй, көпчүлүгү “эптеп кирип алсам, андан ары жыргал жашоо болот” деген жалган ишенимге алданат экен.

Мыйзамсыз жол мигранттарды наркокартел, мафиялардын курмандыгына, акча булагына айлантат

“Азаттык” : Соңку кездери ал жердеги адамдарды тагдыры туурасында ар кандай имиштерди, тастыкталбаган маалыматтарды угуп жатабыз. Америкага баратып, жакындарын жоготуп алгандар тууралуу сөз болот, бирок реалдуу бирөө-жарымды көрүп, уга элекпиз. Мексикада жүргөндө ошондой учурларды, тагдырларды учураттыңбы? Айтып бергендер болдубу? Үй-бүлө менен баргандар туш болгон коркунучтар кандай экен?

Улан Асаналиев: Мексика дүйнөдөгү кылмыштуулуктун эң ири чордонунун бири. Ал жерде наркокартель, мафия дээрлик башкарган шаарлар бар. Мисалы, чек арага жакын жайгашкан Рейноса шаары дүйнөлүк кооптуу шаарлардын рейтингинде алтынчы орунда турат экен. Ал эми ошол шаар аркылуу АКШга өтөм деген борбор азиялыктардын, анын ичинде кыргызстандыктардын саны абдан көп. Биз ошол шаарга барсак, бир эле мейманкананын ичинде 150гө жакын кыргызстандык жаран жашап жатат. Чек арада чиркөө бар экен, ал жерге акчасы түгөнүп калгандар жатып, тамак ичишет.

Көпчүлүк мигранттарды ошол Мексикадагы барчу жерине жеткиче тоноп кетишет экен. Мен сүйлөшкөн адамдардын дээрлик бардыгы тонолгонун айтып беришти. Автобуста баратканда эле аларды токтотуп, беткап кийгендер кирип келип эле балдардын памперсине чийин аңтарып-теңтерип, акчасын алып коет экен. Бирөөнүн бутунан алтын чынжырчасын чечип алыптыр. Аялдарды аялдар тонойт экен. Ошондуктан жолго чыккандар жанына көп акча салбай, карточкалар менен жүргөнгө аракет кылат. Бул жерде адамдарды чек арадан картелдердин адамдары гана өткөрөт. Аларды адам ташуу боюнча мафиянын кызматкерлери десек болот.

“Койоттордун” баары алар менен байланышта болуп, алардын уруксаты менен гана элди ташыйт. Арзан маршрут тандагандар жол акыга 300-400 доллар бергени менен Мексиканын чек арасына чейин жөө, жунглини аралап барышат. Мисалы, кыргыздардын көпчүлүгү коопсузураак деп киши башына 800-1000-1200 доллар төлөп машине менен же катер менен кеткен маршрутту тандашат экен. Мексикалыктар алардын акчалуу экенин билип алып, кадимкидей эле аларга аңчылыкка чыгышат. Рейносо шаарында картелдин кишилери көчөдө жалгыз жүргөндөрдү уурдап кетип, сабап, акча талап кылышат. Барымтада отуруп, акча берип кутулгандар да бар экен. Азыр Чикагодо жүргөн бир жигитти автобуста кетип жаткан жеринен тапанча менен коркутуп, барымтада эки күн кармап отуруп, достору акча берип жатып араң куткарып алышкан. Ал райондор картелдин аймагы болгон үчүн полиция коркуп кире албасын ачык эле айтат экен. Кыргыз балдар өмүрүн тобокелге салып, кирип барып куткарып чыккан экен.

Алар күткөн Америка менен алар жеткен Американын ортосунда айырмачылык абдан чоң

“Азаттык”: Миграциялык кызматтар жарандарга ошол бара турган өлкөнүн тилин үйрөнүп, болушунча мыйзамдуу жол менен барууга чакырып келет. Бирок иш жүзүндө жарандар өз өмүрүн тобокелге салгандан кайра тартпай барып жатышкан экен. Кимдер кетип жатыптыр, кандай катмар, аларды жетелеген, кызыктырган негизги максат эмне, өздөрү ой бөлүштүбү?

Улан Асаналиев: Ар кандай катмардагы кишилер кетип жатат, бирок арасында балалуу үй-бүлөлөр көп. Биз Рейносо шаарына учканда 150 орундуу самолеттун ичинде 50 кишиси кыргызстандыктар болду. Алардын ичинде төрт үй-бүлө үчтөн балдары менен бар эле. Андан башка дагы борбор азиялыктар болду. Ошондо 150 орундуу самолетте 80ге чукул борбор азиялык ошол Мехико ситиден Рейносо шаарына учуп бардык. Бул бир эле рейс, ал эми андай рейстер күн сайын учат. Мексикага жеткендердин дээрлик 95 пайызы Америкага өтөт. Бирок алардын баары Америкада калат деген кепилдик жок. Анткени аларды ичинен депортация болгондор болот. Өзү күткөндөй жумуш таба албай жаны кыйналганда кайра Кыргызстанга кайтып кеткендер бар.

Себеби алар күткөн Америка менен алар жеткен Американын ортосунда айырмачылык абдан чоң. Биринчиден жумуш жок. Алар жанагы Ютубдагы видеолордон көргөндөй трактарды айдап, укмуш акча табабыз деген үмүт менен барат да. Көпчүлүк үй-бүлөлөргө кредиттик тарыхы жок болгону үчүн эч ким батир бербейт, мындан улам мейманканада жашоого аргасыз болот, тамак сатып жейт, акчасы түгөнө баштайт. Иштөөгө уруксаты жок болгон үчүн болгону жеткирип берүү кызматында гана иштешет. Ал үчүн дагы бирөөнүн аккаунтун ижарага сатып алып иштешет. Сот болгонго чейин алар ошентип мыйзамсыз иштеп турууга аргасыз.

Ар кандай басымга учурап, башпаанек сураганга аргасыз болгондор да бар экен. Бирок мен көргөндөрдүн 95 пайызы эч кандай басымга учураган эмес. Алардын Америкага киргендеги башпаанек сураган негиздери дээрлик жасалма десек болот. Ал эми негизги максат - акча табуу. Америкада айлык чоң, жакшы акча тапса болот деп ойлошот. Биздин чөлкөмдө виза алуу кыйын болгондуктан ушундай мыйзамсыз жолду тандоого аргасыз болдук дешет. Былтыркы статистиканы карасак, Кыргызстанда виза алам деп Америка элчилигине тапшыргандардын 42 пайызы алган эмес. Бирок кандай шарт болбосун жарандар мыйзамдуу жолду тандашы керек.

Он төрт жашар кызын Мексикада жоготуп жиберген үй-бүлөнүн үнсүз ыйы, азабы

“Азаттык”: Мексикада жүргөндө сага таасир эткен же жүрөгүңдө калган окуялар болдубу?

Улан Асаналиев: Тихуана шаарында бир аз абал башкачараак, тынчыраак. Бирок ошол жерден дагы бир мекендеш менен сүйлөштүк. Ал чек арадан 14 жаштагы кызын жоготуп жиберген, бирок бул тууралуу эч кимге ачык айткысы келбейт.

Кариб деңизине түшүп кеткен үй-блө тууралуу укканбыз, бирок ал тастыктала элек эле. Биз укпаган, көрбөгөн, айтылбай калган канча тагдырлар ошол опурталдуу жолдо сынып, талкаланып жатканын ким билет? Күйөөсүнүн көзүнчө аялын зордуктаган учурларды өздөрү айтып беришти.

Булардын баарын эч ким ачык айтпайт, табу болуп калган. Ошол окуялар ачык айтылбай калганы үчүн бул маршруттар популярдуу болуп, элдин агымы токтобой жатат. Баарынан да жүрөктү ооруткан нерсе ошол өздөрүнүн өмүрүн аябаганы аз келгенсип, чиедей балдарынын жетелеп ошондой тобокелге баргандарын тушүнүү кыйын. Алар Америкага балдардын келечеги үчүн бара жатканын айтышат, бирок жакшы келечек үчүн аларды кенедей кезинде ушундай тобокелдикке салып, психологиялык жактан сокку уруунун өзү чектен чыгуу дейт элем. Балдар кичине болгон үчүн азыр алар унчукпашы мүмкүн, бирок алардын кийинки жашоосунда бул учурлар кара так болуп калат.

“Азаттык”: Өзбекстанда жарандардын Мексика аркылуу Америкага жеткирем деп алдаган шылуундар кармалганы тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Кыргызстандыктар арасында дагы ошентип алданып, ара жолдо калган учурлар бар бекен?

Улан Асаналиев: Өзбекстан балким жабыгыраак өлкө болгону үчүн эл көбүрөөк ошондой маалыматка ишенип, 15 миң, 50 миң долларга чейин акчасын ошондой шылуундарга төлөшөт экен. Алар жарандарды жанагы эле кооптуу жол менен Мексикага жеткирип коет. Ал эми кыргызстандыктар Телеграм каналдардагы тайпаларда сүйлөшө берип, өздөрү жолго чыгышат экен. Мен “акчага сени жеткирем” деген кызматтарды Кыргызстандан байкай алган жокмун. Бирок ошол эле чаттарда авиабилет саткан компаияларды жарнамалап, вакцина ала турган жерлерди жазып, жол көрсөткөндөй болушат экен. Менимче, ошол тайпанын артында тургандар билеттерди сатуу жана Америкага киргенден кийин сотто колдоно турган жасалма кейстерди жазып берүү менен акча табышат окшойт. Тейлөөнү көрсөтүп, киреше табышат дегендей. Башында мындай тайпаны активдүү кармоого эмне кызыкчылык бар деген суроо мени абдан кызыктырган. Мисалы андай топтордун биринде 20 миң киши бар. Бирок тайпанын ичинде үстүрт гана маалыматтар айтылат. Ал жерде айсбергдин учу гана көрүнөт, анын түбүндө эмне болуп жатканы тууралуу маалымат жок. Америкага барганда аларды эмне күтөт, баары эле ошол башпаанекти ала алабы, жакшы иштеп акча таап кете алабы - бул маалыматтар жок. Эл Америкага жетип алгандан кийин кыйналып, эки метрлик комнатада жатып, акча таба албай жатса дагы баары жакшы дей берет экен. Ушунча жолду басып, жетип келген соң “жаман абалдамын, акча таба албай жатам” дегенден көбү уялышат.

Жолдо калган, талкаланган тагдырлар тууралуу коомчулук кабарсыз

“Азаттык”: Америкага бара жаткандар тууралуу бирин-экин имиштер чыгып калганда эле алардын тагдырына кызыгып, тийиштүү кызматтар алардын чоо-жайын тактаганга аракет кылып жатат. Ал жерде оор абалда калып, тагдыры талкаланып жаткан адамдар кимге кайрылып, кимден жардам сурашат экен? Алар кимге ишенет?

Улан Асаналиева: Көйгөйү барлар расмий органдарга кайрылганын учурата алганым жок. Мисалы, Мексикада акчасы жок калгандар же ооруп калгандар кайра ошол эле Телеграм, Вотсап тайпаларына жазып кайрылышат. Ал жердегилер 50-100 доллардан чогултуп жардам кылат. Мениче, алар расмий органдарга кайрылгандан кооптонот. Кайра эле бирдеме айтса, баягы маршрут тууралуу маалымат ачыкка чыгып, Америкага карай жол жабылып калат дегендей ой менен жашайт.

Айталы, медиага чыгып, интервью бергендердин баарын дароо ошол тайпаларда жектеп киришет. Өкмөт аларга кандай жардам бере алат? Өкмөт эң негизгиси ошол маалыматтык жактан жардам бериши керек. Атайын маалыматтык кампания жүргүзүп, бул жол кооптуу экенин, жолдо жоголгондор, зордукталгандар бары тууралуу коомчулукка ачык айтыш керек. Мыйзамдуу жол менен баргыла деген түшүндүрүү иштери жасалышы керек го дейм. Талдоочулар баары виза маселесине барып такаларын айтып жатышат. Анткени мекендештер виза алып, АКШга барып, ал жерде кайра эле мыйзамсыз калган учурлар бар. Ошондуктан жарандарга болгон ишеним жоголгон, балким ошол себептен азыр виза бербей коет.

Өкмөттөр арасында бир диалог болуп, балким иш квоталары ачылып, мамлекет расмий түрдө жөнөтүп турса, же өкмөт болбосо дагы чоң компаниялар менен келишим түзүп жумуш орундарына жибергендей шарттар каралса, маселе чечилмек. Жарандар жанын тобокелге салып, мыйзамсыз жолду балким тандабайт эле. Бул жол аркылуу баргандарды токтото албаса да аларды азайтуу жолдорун издөө маанилүү.







В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"


Пациенты больницы принял участие в фестивале

Команда ювелирной сети «585*ЗОЛОТОЙ» приняла участие в благотворительном забеге от фонда «Антон тут рядом»

Светлые оттенки весенней моды: стильные идеи для женщин в возрасте

Июньские дни духовности: Православные праздники месяца от ясновидящей Галины Янко


AML check crypto

LIV Golf’s Sergio Garcia misses out on U.S. Open spot, but still has chance to play

Precision in Motion: Exploring Baltic Bearing Company-Riga

Boeing passenger ‘DIES in horror turbulence’ on flight from London sparking emergency landing in latest airline tragedy


Дагестанская «долина Смерти».

Экс-мэра Биробиджана осудили на 5 лет за злоупотребление полномочиями. Условно

На западном объезде Южно-Сахалинска забивают сваи моста через реку Владимировка

Терминал сбора данных (ТСД) промышленного класса SAOTRON RT42G


Helldivers 2 studio wants to slow down the pace of updates: 'We feel a slightly lower cadence overall will benefit both us, you, and the game'

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)

Sea War: Raid 1.131.0


Estischool - Школа за британською програмою


Воскресшего Иисуса могут дополнительно установить в церквях, вместо черепа.

V Общероссийская конференция «Устойчивое развитие этнокультурного сектора» представит калейдоскоп успешных практик в сфере социального проектирования

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о компенсации части затрат на путевки в оздоровительные лагеря в рамках нацпроекта «Семья»

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице


Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает В.В. Путину улучшить либо отменить налоги в обществе.

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Заявка на рекорд: Позднякова предупредила москвичей о высоком давлении 24 мая


Король Бахрейна прибыл в Москву для официальных переговоров с Путиным

Тематическая встреча «Тому, кто Русь Отчизною зовет» с писателями пройдет в Дорогомилово 1 июня

ЦППК назначит компенсационные рейсы на Рижском и Савеловском направлениях в мае

КРАСНОДАР. Кубанские промпредприятия представляют продукцию на выставке «Металлообработка-2024»


Даниил Медведев идет третьим в чемпионской гонке ATP, Андрей Рублев — пятый

Сумасшедший матч «Реала», Медведев опустился в рейтинге ATP. Главное к утру

Потапова проиграла на старте турнира WTA-500 в Страсбурге

Рахимова прошла во второй круг турнира WTA в Рабате на отказе Таунсенд


SHOT: модель Playboy разбила купленный неделю назад Jaguar под Нижним Новгородом

КРАСНОДАР. Кубанские промпредприятия представляют продукцию на выставке «Металлообработка-2024»

Сергей Катырин: последствия санкций в промышленности удалось во многом нивелировать

Нейросети помогли московским врачам поставить уже 14 млн диагнозов


Музыкальные новости

Мистический Тибет: путеводитель по местам силы от Кажетты Ахметжановой

Продвижение Музыки. Раскрутка Музыки. Продвижение Песни. Раскрутка Песни.

Тариф – Большой Концерт.

Певица Кристина Агилера в боди вышла на сцену после похудения


Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о компенсации части затрат на путевки в оздоровительные лагеря в рамках нацпроекта «Семья»

V Общероссийская конференция «Устойчивое развитие этнокультурного сектора» представит калейдоскоп успешных практик в сфере социального проектирования

Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”

Воскресшего Иисуса могут дополнительно установить в церквях, вместо черепа.


Глава "Интерроса" анонсировал создание цифровой платформы для формирования запросов на разработку отечественного оборудования

Свыше 600 навалов мусора устранили в Подмосковье за неделю

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает В.В. Путину улучшить либо отменить налоги в обществе.

Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ


В Воскресенске сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в умышленном повреждении чужого автомобиля

Неизвестные на черном авто похитили 18-летнюю девушку из ТЦ в Петербурге

«Швабе» демонстрирует на ЦИПР-2024 инновационные решения для оптимизации дорожного движения

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге: «Крым стал одним из основных направлений отдыха для россиян»


Санкт-Петербург не смог обойти Москву в рейтинге жизни населения

Король Бахрейна прибыл в Москву для официальных переговоров с Путиным

Кремль: Путин 23 мая проведет переговоры с королем Бахрейна в Москве

В Кремле анонсировали переговоры Путина с королем Бахрейна в Москве


Коронавирус FLiRT выявили в России

Немоляева находится в тяжёлом состоянии под наблюдением врачей

Шизофрения и болезнь Альцгеймера: симптомом какой болезни может стать потеря обоняния

Заболеваемость COVID-19 в России выросла почти на 14,7 процента за неделю



Реанимационное оборудование «Швабе» позволяет лечить новорожденных массой от 500 граммов

Новое отделение вызовов врачей на дом открылось в МОЦОМД в Люберцах

Пациенты больницы принял участие в фестивале

Вкусно и безопасно: гастроэнтеролог Садыков назвал 5 продуктов, снижающих холестерин


Зеленский пожаловался, что западная помощь опаздывает

Зеленский объяснил, почему не хочет приглашать РФ на «саммит мира»


«Шушумагия» и «Команда МАТЧ» – в топ-25 мультсериалов на «Кинопоиске»

Клиенты СберСтрахования стали в 1,5 раза чаще приобретать страховки для бегунов

Чья компания сильнее всех?

Сотрудница ОМОН "Оплот" приняла участие в костромском забеге «Галичское Заозерье»


Запись от имени Президента Беларуси сделана в книге соболезнований в посольстве Ирана


Сергей Собянин: Колледжи проведут Дни открытых дверей

Собянин анонсировал самый продолжительный городской фестиваль в мире

Сергей Собянин подвел итоги Московской олимпиады школьников

Сергей Собянин. Неделя мэра


АО «Транснефть – Дружба» провело экологические акции

Санкт-Петербург не смог обойти Москву в рейтинге жизни населения

Более 600 деревьев высадили в дендропарке Ногинска

Сергей Собянин. Главное за день


Муфтий уверен, что ради Востока с россиянок нельзя снимать никаб

Сергей Катырин: последствия санкций в промышленности удалось во многом нивелировать

КРАСНОДАР. Кубанские промпредприятия представляют продукцию на выставке «Металлообработка-2024»

Песков напомнил, что СССР признал Палестину


«Северная красота» пусков Плесецка

Беспроводной сканер штрих-кодов SAOTRON P05i промышленного класса

Сергей Собянин. Неделя мэра

АО «Транснефть - Север» провело плановое учение на НПС в Архангельской области


Премию Фета получил поэт из Югры

Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ

Литературный монолог «По праву памяти», к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова, советского и российского писателя.

Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»


Здоровая пища и «стенка на стенку»: в Тульской области пройдет XX Фестиваль Крапивы

Около 12,5 тысяч рублей планируют отдать краснодарцы на организацию выпускного

ЦППК назначит компенсационные рейсы на Рижском и Савеловском направлениях в мае

Путин предложил использовать рейтинг качества жизни для оценки работы регионов














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *