Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Ошто денесинин беш жерине ок тийген жаран ооруканага түштү

0
Ошто денесинин беш жерине ок тийген жаран ооруканага түштү

Ошто денесинин беш жерине ок тийген жаран ооруканага түштү. Шаардык бейтапканадан маалымдашкандай, анын абалы азыр орточо оор.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы окуя 4-августта Кара-Суу районунда болгонун бышыктады. Бирок анын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген жок. Тергөөнүн сыры деген жүйөө менен ок жеген жаран, кылмышка шектүүлөр, алардын кылмыш топтор менен байланышы жана кылмыш ишинин козголуп-козголбогону тууралуу суроолорго комментарий берүүдөн баш тартты.

"Азаттыктын"  ишенимдүү булактарынын билдиришинче, ок атышуу Ош аба майданына бараткан жолдо болгон.

Облустук милиция буга чейин дагы тергөөнүн сыры деген негизде айрым бир чуулгандуу фактыларга байланыштуу маалымат берүүдөн баш тарткан учурлары болгон.

Өткөн айдын башында Оштогу "Казак" деген каймана ат менен таанымал, 16 жолу соттолгон кримтөбөл Умар Маратовду зордуктоого айыптаган арыз түшкөнү белгилүү болгон. Облустук милиция анын кармалып-кармалбаганы, же издөө жарыяланганы тууралуу маалымат берген эмес. (DSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *