Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

ИИМ көчөдө тапанча менен опузалаган адамга карата иликтөө баштады

0
ИИМ көчөдө тапанча менен опузалаган адамга карата иликтөө баштады

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги чырда башка жаранды тапанчасы менен опузалаган адамга байланыштуу териштирүү башталганын билдирди. Окуя Ленин райондук милициясынын маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.

Ага ылайык, тапанчасы менен опузалаган жаран кармалып, тек-жайы аныкталды. Ал коркутту деген адам дооматы жок экенин айтып, ага каршы арыз жазуудан баш тартты.

“Социалдык тармактарда  белгисиз адам Некрасов көчөсүндө коомдук тартипти жана жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп, оозеки чырда бейтааныш адамды тапанчасы менен коркутуп жаткан видео тараган.  Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларында Т.К. аттуу 1989-жылы туулган жаран кармалган. Ал белгисиз маркадагы тапанчасына соттук-баллистикалык экспертиза дайындоо үчүн тапшырды. Ал коркутту деген И.С аттуу адам дооматы жоктугун айтып, арыз жазуудан баш тартты. Учурда тергөө уланууда",-деп жазылган маалыматта.

“ПолитКлиника” басылмасы өз булактарына таянып, тапанча көтөргөн адам  "Манас" аба майданына караштуу “ИНТЭК” компаниясынын башчысы Тилек Кадырбердиев экенин жазды.

Бул окуяга байланыштуу Кадырбердиев жана аталган аэропорттун басма сөз кызматы азырынча комментарий бере элек.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *