Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Түп районундагы селдин кесепети, чыгымы такталып жатат

0
Түп районундагы селдин кесепети, чыгымы такталып жатат

Түп районундагы сел жүргөн Кең-Суу жана Байзак айылдарында чыгымды тактоо, кырсыктын кесепетин жоюу иштери уланып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, баштапкы маалыматка ылайык, 2-августтагы селде Кең-Сууда 31, ал эми Байзак айылынан 17 үйдү суу каптаган,  төрт көпүрө жабыркады, экөө авариялык абалда турат. Андан сырткары жети ички чарбалык жол жабыркап, үч чакырымы калыбына келтирилди.

Мунун алдында аталган министрлик нөшөрлөп жааган жаандан улам тоолуу жана тоо этектериндеги айылдарда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскерткен.

Нарын районунун Куланак айылында 22-июлда айылында нөшөр жаандан кийин сел жүрүп, 16 үйдүн короосун суу каптаган.

Июнь айында нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагын сел каптаган жана өзгөчө кырдаал жарыяланган. Көп өтпөй Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда дарыядагы суу ташкындап, коркунуч жаралганынан улам өзгөчө кырдаал киргизилген. Андан кийин сел каптаган Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал жарыяланган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *