Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Садыр Жапаров "Жыргалаң" көмүр кени жөнүндөгү сөздөргө жооп берди

0
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 6-августта "Кабар" маалымат агенттигине 12 жылдан бери казылбай турган "Жыргалаң" көмүр кенинин ишке кириши тууралуу түшүндүмө берди.

Анда аталган кенди 2009-жылы бир тууган агасы Сабыр Жапаров 80 миллион сомдой карызы менен аукциондо сатып алганын, 2011-жылдан тартып ишке киргизгенин айтып берген. Шахтаны 2014-жылы криминалдар тартып алганын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки кызматкери мерт болгон учур катталганын жана ошондон бери шахтага суу толуп казылбай турганын билдирди.

Жапаровдун ырасташынча, "Жыргалаңды" учурда Марат аттуу бизнесмен иштетип жатат. Ага Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 1,7 миллион доллар насыя берилди.

"Мен бийлике келгенде, бир тууган агам "шахтамды кайра алам” деп чыкты. Мен көнбөй койдум, "бийликтин күчүнө салып кайра алышты деген сөз калат, кереги жок” дедим. Мурдагы жылы мага бир бизнесмен келип, “мен алып иштетейин” деп сурады. “Эгер иштетип кетериңе көзүң жетсе, ала бер. Мамлекетке иштеп турганы пайда” дедим. Ошентип, азыр Марат деген бизнесмен иштете баштады. Эки жылдан бери даярдоо иштерин жүргүздү. Орус-кыргыз фондунан 1 миллион 700 миң доллар кредит алып, ал акчанын чыпчыргасын коротпой, Орусияга заводго которуп, конвейер сиситемасын алып келди. Кытайдан өз акчасына көмүр казган комбайн жана башка керектүү техникаларды толук алып келди. Эми, буюрса, мындан ары "Жыргалаң" шахтасы бери дегенде 20 жыл токтоосуз иштеп кетет. Мурдагы көмүр чыгарган техникасы бир тонналык вагондор болчу, 1960-жылдары коюлган. Алардын ордуна жаңы, заманбап конвейерлер коюлду. Шахта өзүн-өзү актамак түгүл, эбегейсиз зор киреше берет деп ишенем",-деди Жапаров.

Президенттин билдиришинче, учурда шахтанын суу баскан оозу ошол бойдон турат. Анын башка жагынан эки тоннел казылып, көмүр ошол жактан алынып жатат.

Садыр Жапаров бул комментарийинди айрым бир жарандарга кайрылып, "өлкөдөгү ушундай иштерге сүйүнүп, колдоп-коштоп турса жакшы болмоктугун" белгиледи.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 3-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жыргалаңдагы көмүр кенинин иши менен таанышканын билдирген. Көп өтпөй Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев шахтаны 12 жыл мурда суу басып калганын, иштебей турганын айтып чыккан.

Айрым бир маалыматтарга караганда, президент айткан ишкер Марат Турсунбеков. Ал Акылбек Жапаров 3-августта Жыргалаңга барганда коштоп жүргөн.

Турсунбеков 2021-жылдын аягында түзүлгөн президенттин иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча дирекциясынын башчысы болуп дайындалганы белгилүү болгон. Бул ишкана Бишкектеги жаңы Ак үйдү курары маалымдалган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *