Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

"Гепатиттин D түрү күчөп, боорун алмаштыргандар көбөйдү"

0

Медицинада "мээримдүү жаналгыч" деген атка конгон сарыктын оор түрлөрү кантип жугат? Бул дарттын жайылып кетишине эмне себеп жана Кыргызстанда жагдай кандай?  Дартка чалдыгып, боор алмаштырууга аргасыз болгон бейтаптар кандай кыйынчылыктарга кабылат?

“Сергек жашоо” подкастында бул суроолорду дарыгер-гепатолог Дилшад Мамажанов, "Гепатит менен күрөшүү" коомдук бирикмесинин жетекчисинин орун басары Анипа Надирова, гепатит илдетинин айынан жакында эле боорун Индиядан алмаштырып келген Мубара Шерматова менен талкуулайбыз.

"Бизде гепатит Д жана В көбөйүп кетти"

- Дилшат мырза, сөздү сизден баштайлы. Сизге күнүнө канча бейтап кайрылат, дегеле учурда гепатитке байланыштуу абал кандай?

Дилшад Мамаджанов: Бизге бир күндө он чакты киши келет, ал эми бир айдын ичинде 200-300дөй киши келет. Мен өзүм гепатолог болгонум үчүн мага эле ошончо адам кайрылат. Гепатиттин үч түрү: В , D, С аябай көп кездешет. Учурда бизде гепатит Д жана В көбөйүп кетти. Дельта агент деп коёт. Дельта агент эң кооптуу вирус, ал акырындап отуруп боордун циррозун пайда кылат. Азыр вирус мутацияланып, Д гепатитити да көбөйүп кетти, мурда аз эле. Булганган экологиянын, сапатсыз тамак-аштын айынан вирустар бири-бири менен кошулуп, башка вирустар пайда болуп жатат. Мындай шартта алар күчөйт. Бул тууралуу вирусологияда жазылган. Ошол себептүү гепатит D көбөйүп кетти. Гепатит Вны токтотуп калса болот, Dга каршы азыр эч нерсе кыла албайбыз. С менен ооругандар үч айдын ичинде сакайып кетет. Ал эми D менен В бизде аябай көйгөй жаратып жатат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянсак, Жер шарында гепатиттин С жана Б түрү жылына 1 миллиондон ашуун адамдын өлүмүнө себепкер болот. Күн сайын вирусту 3 миллиондой адам жугузуп алса, 350 миллион адам өнөкөт гепатит дарты менен жашайт. Кыргызстандын вирустук гепатиттерди көзөмөлдөөчү борборунун июнь айында берген маалыматында, 2023-жылдын төрт айында 7537 адам гепатиттин С жана Б түрү менен каттоого алынган. Алдын ала маалыматта Кыргызстанда 350 миң адам гепатиттин В, 250 миң адам С түрүн алып жүрөт. Бирок адистер реалдуу сан мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгилешет.

- Мен биздин каарманыбыз Мубарадан сурагым келип жатат. Мубара айым, сиз гепатитке чалдыгып, жакында эле Индиядан боорумду алмаштырып келдим деп айтып жатасыз. Бул илдетти кантип жугузуп алдыңыз эле?

Мубара Шерматова: Качан цирроз болуп калганга чейин менде гепатит бар экенин билген эмесмин. Мен беш бала төрөдүм, бешөөндө тең анализ тапшырып эле жүргөм. Качан курсагым шишип, алсырап, ооруп баштаганда гана бирдеме болуп жатам го деп барып УЗИге түшкөндө “сенде цирроз бар экен” деп айтышты. Индияга барганда аяктагылар сага бул вирустун жукканына 20 жылдай болгон дешти. Абдан катуу стресске туш болдум. Мага биринчи жолу дарыгер угузганда, “сен эми камына бер” дешкен. Ошол жерден кулап кала жаздап катуу стресс болгом. Мен бул илдет менен күрөшүшүм керек деп, өзүмдү-өзүм кайраттандырдым. Кийин боорумду алмаштырам деп чечтим. Кудайга шүгүр, азыр жакшымын.

- Сизге ким донор болду?

Мубара Шерматова: Бир тууган байкем.

- Ошондо сиздин Индияга барып келгениңизге канча каражат кетти?

Мубара Шерматова: Индияга барып келгениме 30-32 миң доллар кетти. Бир жылдык дары-дармегимди да камдап келдим. Операциянын өзү 23 миң доллар экен.

-Дилшад мырза, жана да гепатиттин дельта түрү тууралуу айтып өттүңүз, мен медик эмесмин, бирок эл арасында гепатиттин В түрү жуккан адам дарыланбай жүрө берсе, бара-бара вирус мутация болуп Dга өтүп кетет деген сөздөрдү угуп калам. Бул илимий жактан ырасталган маалыматпы, канчалык чындыкка жакын? Дельта вирус өз алдынча жугабы адамга?

Дилшад Мамаджанов: В гепатити Dга айланып кетпейт. Эгерде кишинин организминде В болсо гана, D вирусу (дельта агент деп коёт) кирип алат. Ал эми В жок болсо, дельта өзү кире албайт, б.а. В жок болсо D жашай албайт. Бирок D кирип алган болсо, Вны жеп коёт, ошонун арты менен күчтөнүп алып, циррозду пайда кылат.

Эми дарылоо тууралуу айта турган болсок, D вирусу активдүү болот, В активдүү болбошу да мүмкүн. Мындайча айтканда В вирус адамда бар, бир миллилитр канда саны 10, 20 миң, 50 миң же андан көп болуп, чыга берет.

Гепатиттин В түрүн 1964-жылы америкалык врач, вирусолог Барух Самуэль Бламберг ачкан. Бул үчүн ага 1976-жылы Нобел сыйлыгы ыйгарылган. Гепатиттин D түрү 1977-жылы гепатиттин В түрүнө чалдыккандарды изилдөө маалында табылган. Дельта-агент деп аталган бул вирус гепатиттин В түрү болбосо өз алдынча жашай албайт. Гепатиттин С түрү 1989-жылы америкалык вируслогдор Харви Олтер, Чарльз Райс жана британиялык вирусолог Майкл Хотон тарабынан табылган. Бул медицинада гепатитти дарылоо жана өлүмдү азайтууга чоң салым болгон. 2020-жылы туура 31 жылдан кийин үч вируслогго медицинадан ачылышы үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган.

Эгер боор таза болсо, биз B вирусуна каршы дарылабай, тек гана кубаттандыруучу терапия жүргүзүп турабыз. Ошондо организм вирус менен өзү күрөшө берет. Бирок канча бир мезгилден кийин, балким, беш он жылдан кийин боордун В гепатити автивдүү түргө өтүшү мүмкүн. Ага да биз диета сактабай, спирт ичимдиктерин ичип, майлуу тамактарды жеп себепкер болобуз. Тактап айтканда, боордо май көп топтолуп калганда, вирус чабуулга өтөт. Биз ошондо гана вируска каршы дары-дармектерди жазабыз. Азыр вируска каршы дары-дармектердин түрлөрү аябай көп. Тенофовир дегени бар. Бейтаптардын айтымы боюнча ал Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында акысыз берилет экен.

-Жыйынтык кандай болуп атат анан?

Дилшад Мамаджанов: Теноф - илгертен бери бейтаптарга берилип келе жаткан таблетка. Азыркы вирус аны тоготпой калган. Көп кишилер биз аны беш-алты ай ичтик, бирок В вирусу нөлгө түшпөй жатат деп даттанышат. Андан башка энтекавир, тенофовир алафенамид деген күчтүү таблеткалар бар. Аларды үч ай ичкенден кийин гепатиттин В вирусунун кандагы көрсөткүчү нөлгө түшүшү мүмкүн. Эгер вирус нөлгө түшсө, боорго зыяны жок. Ошентип, дары-дармекти туура тандоо - бейтаптын утушу. Ал эми эмканаларда догдурлар “сенин вирусуңду дагы билбейм, тестиңди дагы билбейм, ме, мобуну ич” деп жөнөтүп ийишет. Ал өз алдына эле иче берет. Негизи андай дарыны кандай ичиш керек, кайсы маалда ичиш, эмне менен ичиш керек - көзөмөл кылуу зарыл, дары дагы химикат да.

Подкастты бул жерден угуңуз:

Ошон үчүн мыкты дарыгерге келип дарыланыш керек. Бизде кесипкөй гепатологдор аз. Бизди окуткан мурдагы гепатологдордун жашы өтүп, 70-80ге кирип калышты. Анүстүнө азыркы дарылоо ыкмалары башка. Маселен, мен индиялык дарыгерлер менен кызматташам, өзүм Индияга барып-келип турам. Европага да барып, көп нерсени үйрөнүп келдик. Биз учурда дарылоонун жаңы усулдарын киргизүүгө аракет кылып жатабыз. Мындай ооруларды гастроэнтеролог, терапевт эмес, гепатологдор дарылайт.

- Дагы бир кызык жагдай, эмнеге гепатиттин дарылары дарыканалардын баарында сатылбайт, бейтаптарга жеткиликтүү эмес, баасы кымбат. Мунун себеби эмнеде?

Дилшат Мамаджанов: Расмий алынып келинбейт. Ишкерлер, фармкомпаниялар алып келет. 500-1000ди алып келип, ошону дарыканаларга таркатат. Аталган дарылар парацетамол же кардиомагнил сыяктуу дарыканаларда туруктуу сатылбайт. Ишкер алып келсе ичет, алып келбесе болду - эч ким ичпей калат. Гепатиттин дарыларынын Европада өндүрүлгөнү кымбат. Индияныкы да ошондой эле таасир берет. Тилекке каршы, азыр да анын жасалмасы чыгып кетип жатат. Ошол таблеткага окшоштуруп сатып жатышат. Дары-дармекти сатуу көзөмөлдөнбөйт.

Европа же Түркияда рецептсиз эч нерсе берилбейт. Бизде дарыканадан эмнени каласаңыз ала бересиз. Ошол себептен бизде жасалма дары-дармектер көп болууда, алардын айынан боор оорулары циррозго айланып кетип жатат. Мубара эже да азыр Индиядан дары алып келгенин айтты, эже вируска каршы дары-дармек алып келген. Ал жакта бул дарылар болгону 900 же 2 миң сомдун тегерегинде турат. Бажы төлөмдөрү, андай-мындай менен бизде баасы 3,5-15 миңге чейин чыгып кетет.

 

Анипа Надирова: Биздин дарыгер Дилшат айтып кеткендей, ооба, бизде соодагерлер гана дары алып келет, ал эми эмне үчүн тийиштүү мамлекеттик мекемелер алып келбейт? Анткени гепатит менен канча киши ооруп жатканы боюнча статистикалык так маалымат жок. Керектөө, муктаждык болсо, ошого жараша статистика жазылып, мамлекет алып келет. Өзүңөр билгендей, буга чейин тендер менен алчубуз. Кудай буюрса, жакындан тарта "Кыргызфармация" иштегени турат. Биз ошол жакка муктаждыктарыбыз боюнча маалыматтарды бердик.

Эгерде "Кыргызфармация" дарыны өндүргөн заводдун өзү менен келишим түзүп, түз алып келе турган болсо, андан да арзан түшөт. Мисалы, энтекавирды 3 миң сомдон алып жүрчүмүн, тендер аркылуу алып келенибизде 500 сомдон түштү. Ал эми "Кыргызфармация" дары чыгарган завод менен түздөн-түз байланыш түзсө, бул дары 300 сомдун тегерегинде болуп калат. Бул мамлекетке да, бейтаптарга да пайда. Ушуга чейин коомчулук менен мамлекеттик түзүмдөрдүн чогуу иш алып барбаганы гепатиттин таралышына түркү болду.

Бир үйдө жети-сегизге кишиге чейин жугуп кеткенде биз чырылдап чыктык. Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өкмөткө да жардам сурап кайрылдык. Саламаттыкты сактоо министрлигине келгендер баарыбыз өз тирилигибизди таштап, дербиштердей болуп чыркырап жүрдүк. Мен муну айткандан уялбайм, себеби оору жугузуп алгандар өтө көп. Буга чейин мамлекет тараптан эч кандай жардам берилбей келген. Мына азыр мамлекеттик түзүмдөрдүн баары кыймылдап, ишке кирише баштады.

2023-жылдын январь айынан тарта Кыргызстанда гепатиттин В жана С түрүн аныктап, дарылоо ишин мамлекет өз колуна алган. Ага ылайык, сарыктын оор түрлөрүн жугузгандан улам боор дарты өтүшүп кеткендер, трансплантация кылдыргандар, кош бойлуулар, өнөкөт оор дарты барлар жашаган жериндеги бейтапканалардан кеп-кеңеш жана вируска каршы дарыларды акысыз алса болот.

- Мубара айым, сиз Индияда операция болуп келдим дедиңиз. Учурда дарыгерге айына канча жолу барып турасыз, ден соолугуңузду калыбына келтириш үчүн эмнелерди кылып жатасыз?

Мубара Шерматова: Менин Индиядан келгениме он беш эле күн болду. Ар эки жумада анализ тапшырып турасыңар деп айтышкан. Андай анализдер да кымбат турат экен.

- Мисалы, канча акча кетти?

Мубара Шерматова: 5 миң сом кетти. Бул мен үчүн чоң акча. Бир айда эки жолу тапшырып жатам. Анализдин жыйынтыгын Индиягага жиберип турабыз. Индиядагы дарыгерлер менен тыгыз байланышып турам. Үй-бүлөлүк дарыгериме да барып турам. Бирок бул жактагы гепатологдорго кайрыла элекмин.

"Боор талкаланса, баары жок талкаланат"

- Дилшат мырза, сиз бизде гепатологдор абдан аз, болсо дагы алардын дарылоо ыкмалары эскирди, жаңы адистер керек деп айтып кеттиңиз. Башкалар мындай жаңы ыкмаларды колдонулуп жатат, бизге да ушундайлар керек деп, гепатологдор өзүңөр талап коюп, тийиштүү жактарга кайрылып көрдүңөр беле?

Дилшад Мамаджанов: Гепатологдордун бирикмеси бар. Бирок бул уюмда катуу маселе коюп, бара турган жерге барып, чече турган лидер жок. Гепатолог адистиги – бул тар адистик. Бул үчүн атайын окуш керек. Мисалы, мен Медакадемиянын жугуштуу оорулар бөлүмүн бүтүрүп, Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында ординатурада билимимди өркүндөткөм. Биз болгону төрт эле киши бүткөнбүз. Ошонун ичинде экөө жугуштуу оорулар боюнча адис болуп калып кетти, экөөбүз гепатолог болдук. Жыл сайын болгону экиден гепатолог бүтүп чыгышы мүмкүн.

Мурда гепатолог адистиги хирургдай же тиш догдурдай кадыр-барктуу эмес эле, бирок COVID-19 пандемиясы учурунда бизге муктаждык күчөдү. Мен гепатолог катары он жылдан бери боор оорулары менен алектенем. Бейтапты бул жакта өзүм даярдап, өзүм Индияга алып барып, кайра алып келип, жакшы болуп кеткенге чейин көзөмөл жүргүзүп турам. Боорду алмаштыруу - бул алгачкы гана баскычы, эң кыйыны – калыбына келтирүү (реабилитациялоо). Боор өзүнө келиш керек, ал донор органга жалгашып, жанданууга тийиш. Ошондо гана калыбына келет.

Ошончо каражат кетирип, ден соолуктан айрылып, гепатологго барбай жүрсөңүз, аягы жаман болушу мүмкүн. Бизде БАК (биологиялык активдүү кошулмалар) саткандар көбөйүп кетти. БАК – бул тармактык бизнес. Азыр барып саамал ичип келейин, мобу кара зирени иче коёюн, мобу БАКты иче коёюн дегендер көп. Атүгүл андайларды саткандар - медик эмес адамдар - бейтаптын сакайып кетишине кепилдик да беришет. Мен гепатолог болуп туруп ар кайсы дарыны жазып бергенден корком, бейтаптын боорун кантип сактап калсам экен деп түйшөлөм. Алар өздөрү дарыгер болбой туруп, корпостон бир күндө он-он бештен БАКтарды ичиришет. Боор – бул чыпка. Жеген-ичкен нерсебиздин баары боордон өтөт. Боордон өтүп кеттиби болду - эч нерсе кыла албайбыз. Бул ВИЧ-СПИДден дагы татаал нерсе.

ВИЧ-СПИД болгондор бир күндө бир таблетка ичип жүрө берет. Иммунитетти көтөрүп жүрө берсе эчтеке болбойт. Ал эми боор талкаланса, баары жок талкаланат. Өт, ашказан, ичегилер иштен чыгат. Ошон үчүн муну ырааттуу дарылабаса, өтө кооптуу. Бизде менталитет ушундай: буттары, курсагы шишип, суу топтолмоюнча дарыланбайт.

Эмне үчүн биз текшеринбейбиз, эмне үчүн биз эмдөө албайбыз? Эмне үчүн ар алты айда дабагердин кароосунан өтүп турбайбыз? Тиш догдурга барабыз, маникюр-педикюрга, косметологго барабыз, бирок догдурга текшерилгени барбайбыз. Баары жок ошол жерден жугуп жатат. Биринчи кезекте тиш догдурлардан жугууда. Мен муну корпой эле айта алам. Анткени мен жугуштуу ооруларды көзөмөлдөөчү болуп иштегем. Ар бир стоматологияны текшергенмин. Ош, Жалал-Абадда 120 стоматологиянын 72си расмий катталбай иштеп жатканы тууралуу кабар чыкты. Алардын ишмердиги текшерилеби, стерилизация, утилизация деген барбы? Бир адамга жуктубу болду. Ал өзү билбейт. Алты айга чейин инкубациялык (байкалбаган) мезгили болот. Алты ай бою сиз эч нерсе биле албайсыз. Анализден чыпайт, бирок сиз башкаларга жуктуруп жүрө бересиз. Күйөөңүзгө жуктурасыз, балаңызга жуктурасыз, ошентип бүт үй-бүлөңүзгө тарайт.

Ковидден эки жылдын ичинде канча адам каза болсо, бизде, Борбор Азияда В гепатитинен, цирроздон күндө ошончо киши өлөт. Бул боюнча эч ким статистика жүргүзбөйт. Мага күнүгө он киши келет, мен маалыматты кайсы жакка беришим керек? Санэпидстанция деген бар, ошолор мага келип маалымат алып, база түзүп, алдын алуу иштерин жүргүзүшү шарт. Бизде андай нерсе болбойт жана бул эң чоң маселе.

- Анипа айым, Дилшад мырза аталган оорулар стоматологиядан, маникюр-педикюрдан жугуп жатат деп айтып жатат. Билимдүү коомдо маалыматтык кампаниялар дайыма жүрүп турат экен. Бизде эмне үчүн гепатит ушундай нерселерден жугат деп, дайыма айтып турган иш-чаралар болгон эмес? Маалыматтык кампанияны күчөтүү үчүн сиздердин бирикме кандай аракеттерди кылып жатат?

Анипа Надирова: Республикалык СПИД борборунун деректири Үмүткан Чокморовна менен №3 эмканага буйрук чыккандан кийин төрт жарым айдан кийин мониторинг жүргүзүү үчүн барсак, вирустук гепатит жөнүндө жазылган бир кагаз жок, бир сөз жок. Ошол жерде абдан капа болдук. Медициналык мекемелер эч кандай маалымат бербесе, кишилер өздөрүнүн көртирилиги менен алаксып жүрө берет. Гепатит жуга берет, боордун циррозуна, ракка өтүшүп кете берет. Бул жерде дарыгерлер жоопкерчиликтүү болуш керек. Канча киши катталды, канчасы жаңы жугузуп алды, канчасынын оорусу циррозго айланып кетти – ошолордун баарып тактап, министрликке алып келип, "мен мына мынча жумуш аткарып койдум, мага кошумча акча төлө" десе, эч ким жок дебесе керек. Себеби бизде Эмгек кодексинде "кишинин аткарган жумушунун акысы төлөнбөй калбашы керек" деп жазылып турат. Мындан сырткары, биздин үй-бүлөлүк медициналык борборлордо бейтаптарга жакшы маалымат берген дарыгерлер өтө аз. Эгерде маалымат таратууда Саламаттык сактоо министрлиги жетишпей жатса, Маданият министрлигин жардамга чакырса, биздеги “Билайн”, “Мегаком”, “О” сыяктуу байланыш компаниялары менен кызматташса болбойбу?

ДСУнун адистерине биздин вирусологдор жети миллион калктын 5% вирустук гепатит менен жабыркайт деп маалымат беришкенде, алар муну алар эпидемия катары кабыл алышты. Бул февраль айында болгон сөз, азыр жай аяктап жатат. Жети-сегиз ай ичинде эпидемияга ушунчалык шалаакы мамиле кылышканы, “өлсөңөр өлө бергиле” деген менен барабар. Мен бул сөздү айткандан корпоймун, анткени бул илдетти мага жукпайт деп, Алладан башка эч ким кепилдик бере албайт.

Мубара Шерматова: Стоматологиядан, маникюрдан, тияк-бияктан жугат деп айтып жатпайсыңарбы. Алардан да жугушу мүмкүн экен. Бирок мен кошумчалап айтып кетейин дегеним, биз коомдук ашканаларга көп кирип жатпайбызды. Мен өзүм да ашпозчу болуп иштеп калдым. Өзүмдүн башыман өттү, цирроз болгондо тиш тез-тез Ашканадагы кашыктарды бир күндө канча киши пайдаланат. Вирус 300 градуста өлөт деп жатабыз. Кокус бирөөдөн жукса, кашыктар жуулганда алар кетеби же кетпейби, ким билет. Мен мурда идиш жууган гелдерди колдончумун. Азыр вотсап тайпалардан мындай оорулар идиш жуугуч каражаттардан жугат экен деп келип жатат. Бул канчалык туура экенин билбейм, бирок мен алардын ордуна белизна колдонуп калдым.

Дилшад Мамаджанов: Гепатиттин: А, В, С, D, Е деген беш түрү бар. А менен Е аба, суу аркылуу, байланыш болгондо, тактап айтканда, сиз айткандай кашык ж.б.у.с. аркылуу жугат. В, С, D деген үч түрү жалаң кан аркылуу жугат. Мисалы, сиздин кашыгыңыз оозуңузга кирип, тишиңиз канаса. Ал канды кармаган кишинин дагы ачык жарааты болушу керек. Ошондой тыгыз байланыш болгондо 80% жугушу, 20% жукпашы мүмкүн. Себеби биздин каныбыз ичине тартпайт, сыртка түртүлүп чыгат. Эмне үчүн биз стоматологиядан, маникюр-педикюрдан, ийне сайгандан жугат деп айтып жатабыз. Анткени стоматологияда кан менен түздөн-түз иштешет, кан кирип кетиши мүмкүн. Маселен, тишиңиз канаса, тиш щеткада калып кетет. Сизден кийин ошол щетка менен балаңыз жууса, ошондо жугушу ыктымал. Эгерде канаса, тырмак алгычтан да жугушу мүмкүн. Ал эми идиш-аяктардан жукпайт.

Гепатит Внын энеси деп коёлу, ал жуккандан кийин дайыма биздин организмибизде жашайт. Сандык анализ тапшырып жатпайбызды, бир миллилитр канда кээде оң миң болуп кетет, кээде миллион болуп кетет, ошол кандагы көчүрмөлөрү - анын балдары. Вируска каршы дары-дармектер ошол балдарын эле өлтүрөт, өзүн өлтүрө албайт. Ал калып кете берет. Бирок В гепатити бар киши өмүр бою кооптуу. Ал тиш догдурга барабы, кайсы жакка барбасын, алдын ала эскертип айтышы зарыл. Жогоруда айтып өткөндөй, В гепатити корунучтуу эмес, D гепатити коркунучтуу. Сиз В вирусту алып жүрөм деп тиш догдурга барсаңыз, ал сизге D вирусун жуктуруп койбошу керек. D жуктубу болду, цирроз башталат.

Мен гепатолог катары В вирусу менен күрөшкөндү билем, D вирусу менен күрөшө албайм. Анткени D аябай коркунучтуу. С гепатити оңой эле, ал эч кандай көйгөй жаратпайт. Мен он-он беш жылдан кийин В вирусу азаят деп ойлойм. Себеби 2001-жылдан тартып, ымыркайлардын баарын эмдей баштадык.

Кыргызстанда 2022-жылдын 14-декабрынан тартып калкты гепатиттин В түрүнө каршы акысыз эмдөө иши башталган. Ага чейин акысыз эмдөө ымыркайларга гана жүргүзүлүп, маалыматы барлар жана каалагандар жеке клиникалардан акы төлөп алып келишкен. Эмдөө үчүн мамлекеттик казынадан 276 млн сом бөлүнүп, гепатиттин оор түрүн дарылоо жана аныктоо иши республикалык СПИД борборуна өткөрүлүп берилген. Буга ВИЧтин жана гепатиттин жугуу жолдору менен дарылоо ыкмасы окшош болгону негиз болгон.

- Гепатиттин В түрү ысык-суукка чыдамкай келип, оңой менен өлбөйт турбайбы? Аны кантип жок кылса болот?

Дилшад Мамаджанов: Ал вирусту автоклав деген нерсе гана жабдык өлтүрөт. Тиш догдурлар, сулуулук салондору автоклавды алып туруш керек. Тазалаганга чейин жана андан кийин дегени бар. Бизде жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө деген жок. Мен менен сиз аны өлтүрө албайбыз. Утилизация кыла турган чоң аппараттар бар, аны ошолор гана өлтүрөт.

- Ошондой аппараттар жетиштүүбү?

Дилшад Мамаджанов: Ал аппараттар кымбат турат. Стоматологиялык кабинеттер чакан эле болот, стерилдөөчү аппарат чоң, алар ошон үчүн коюшпайт. Тиш догдурларда качан болсо кезек, ким тазалайт, кандай тазалайт - ал жагын Кудай билет.

"Бир күндө он киши келсе, ошонун тогузу - аял"

- Мубара айым, сиз беш балам бар дедиңиз. Бешинчи балаңыз боюңузда экенде саламаттыгыңыз кандай эле? Өзүңүздү жаман сезген, чарчап-алсыраган абалга туш болдуңузбу беле?

Мубара Шерматова: 2019-жылы баламды төрөп, 2020-жылы пневмония менен ооруп калдым. Мага ошондо беш түрдүү антибиотик дайындашкан. Ошонун баарын бир учурда алган элем. Индияга барганда ошол дарылар араң турган бооруңузду катырып салыптыр, цирроз ошондо башталган деп айтышты. Ошол учурда боюмда да бар экен, мен аны 4,5 ай болгондо араң билдим. Өзүм ооруп жүрүп байкабай калыптырмын. Ал баламды ошол боюнча каттоого турбай эле төрөдүм. Себеби ал кезде карантин маалы эле, эмканага баргандан коркчубуз.

Баламды төрөп, тогуз ай эмиздим. Ошол кезде жылкынын чучугун муздаткычка салып алып жей берчүбүз. Балким, ошол да козгоп кеттиби? Ага чейин эч нерсени сезген эмесмин. Жөн эле чарчап жатам деп ойлочумун. Жаным жер тартып жаткым эле келе берчү. Курсагым шишигенден кийин байкадым.

- Дилшат мырза, сизден сурагым келип жатат. В гепатитин жугузган аял балалуу болгусу келсе, эмнелерди эске алышы шарт? Же төрөбөй эле койгону оңбу? Кош бойлуу болуу вирустун күч алышына түрткү бербейби?

Дилшад Мамаджанов: Мага азыр кош бойлуу аялдар көп келип жатат, каттоого туруп жатышат. Биздин протоколдо эгерде кош бойлуу болсо вируска каршы дары-дармек ичүүгө мүмкүн эмес деп жазылган. Тек боорун жакшылап кубаттандырып туруу зарыл. Гепатити бар аялдар тобокел тобундагыларга кирет. Анткени төрөгөндө кан кетет, кесарево болушу да мүмкүн, аны тигишет. Мындайча айтканда, кан болгон жерде тобокелдик көп. Ошол себептүү да аялдар гепатит менен көп ооруйт. Мага бир күндө он киши келсе, ошонун тогузу - аял.

Эгерде сиз гепатит менен ооруп жүрүп кош бойлуу болуп калсаңыз, кош бойлуулугуңуз эч кандай маселе жаралбай жакшы өтсө, балага жугуу коркунучу жок эле десек болот. Жакшы жери, биз бала төрөлөр замат эмдеп коёбуз. Балада оору барбы-жокпу, ал эми ден соолугу чың болот. Биз эмне үчүн төрөбөгүлө дейбиз. Анткени баланын эмес, аялдын ден соолугуна кам көрөбүз. Кош бойлууларды сактап калыш үчүн циррозуңуз болсо төрөбөгүлө дейбиз, анткени коркунуч аябай чоң. Цирроз жок болсо, гепатиттин В түрүн алып жүргөн аял төрөсө болот. Бирок ал биринчи кезекте мен төрөгөнү жатам деп, гепатологго кайрылыш керек. Эгерде вирусу көп болсо, кош бойлуу болгончо, вируска каршы таблетка ичет. Вирусун ошентип максималдуу түшүрөбүз. Кийин кош бойлуу болсо болот. Бирок ар үч айда келип, текшерилип турушу шарт.

- Ымыркайга вирус сүт аркылуу жукпайбы?

- Жок, сүт аркылуу жукпайт. Эмизгенде жугат дегендин себеби эмнеде? Бала тиштеп алса, эмчек канап кетсе, ошондо гана жугуп калышы мүмкүн. Мындай өтө сейрек болушу ыктымал. Негизи сүт аркылуу жукпайт.

- Сиз гепатиттин В түрүн дарыласа деле “энеси” организмде өмүр бою кала бере турганын айттыңыз. Боорумду алмаштырып, вирустан кутулдум дегендерди угуп калабыз. Демек, ал сөз чындыкка коошпойт тура?

- Ал миф, вирус толук жок болуп кетпейт. Мен ошон үчүн ар дайым бооруңарды сактагыла деп айтам. Боорду алмаштырган менен вирус жашай берет. Вируска каршы дары-дармектерди ичип, боорду кубаттандырып, өмүр бою диета сактап жашоого туура келет. Учурда С гепатитинин дарылары чыкпадыбы. Биз аны 100% дарылап жатабыз. В гепатитине да изилдөөлөр жүрүп жатат, анын дарысы да чыгып калаар.

"Анализдин жыйынтыгынан төрт үй-бүлө ажырашты"

- Анипа айым, гепатит жуктуруп алгандардын көбү аялдар, келиндер деп айтылып жатпайбы. Аларга жакындарынан кодулоо болгон учурлар барбы?

Анипа Надирова: Кандайдыр бир шылтоо менен кодулоо, басынтуу-кысынтуу кыргыздын канында бар нерсе, биз кеп кылып жаткан илдеттин айынан да ажырашып кеткен үй-бүлөлөр бар. Эри аялына дары алып берип жаканда: "Мына, акчанын баары сага кетип жатат, мен сенин ооруң үчүн эле жүрөм, тиякка барбай калдым, биякка барбай калдым!" деп басмырлайт. Эркеги ооруса аялы: "Мен сени оору дедимби, эмне жатасың иштебей!" деп чыгат.

Боор ооругандардын көпчүлүгү алсырап, оор жумушка алы жетпей калат. Мурдагыдай иштеп, акча таба албайт. Биринчи басынтып-кысынтуу ушундан башталат. Ал эми коомчулук билип калса, той-топурга чакырбайт. Эмне үчүн мен Саламаттык сактоо министрлиги менен Маданият министрлигине кайрылып жатам. Маданият министрлиги ушундай учурларда орчундуу роль ойнойт. Эл арасында түшүндүрүү иштерин ушулар эле жүргүзсө болот.

Бизде былтыртан тарта эмдөө жана текшерүү (вакцинация) СПИД борборлоруна өткөрүлүп, акысыз жүргүзүлө баштабадыбы. Ошто ошол анализдин жыйынтыгынан төрт үй-бүлө ажырашты. Бул эмнеден келип чыкты? Бирөөнүн күйөөсү: "Сен эмне үчүн анализди СПИД борборуна тапшырып жүрөсүң? – деп жаңжал салды. Аялы "гепатитке анализди ушул жактан тапшырат экенбиз" деп, чый-пыйы чыгып жатса да "жок, сен СПИД борборго тапшырдың, мында бир мандем бар" деп такыр түшүнгөн жок. Мындай көрүнүш бүгүнгө чейин уланып келе жатат.

Дилшад Мамаджанов: Бу жаатта тажрыйбасы бар, кесипкөй гепатолог менен эмкананын жөнөкөй догдурунун айырмасы абдан чоң. Медициналык жактан гепатит менен ВИЧ экөө бир нерсе. Экөөнүн тең жугуу жолдору окшош. Болгону ВИЧ-инфекцияны кимдир бирөөлөр жакшы жарнамалап кеткен, гепатиттин оор түрлөрүнө андай көңүл бурулуп, каражат бөлүнгөн эмес. Мисалы, ВИЧ менен ооруш үчүн 1 мл кан жетиштүү. Ал эми гепатит менен ооруп калыш үчүн 000,1 мл жетиштүү. Муну "суперинфекция", "супер контактный" деп коёт. Азыр ВИЧ кыйла азайып, гепатит көбөйүп жатат. ВИЧ жыныстык катнаштан жугат деп айтылат. Болгону 5% гана ошол жол аркылуу жугат. Калганы орусча айтканда "гемотаконтактный", б.а. ошол эле баңгиликтен, стоматологиядан ж.б.у.с. нерселерден жугат. Бир ВИЧ чыгып калса болду, санэпидстанция дүрбөлөң кылып, ал кишинин үйүн тытып жиберет. Гепатит да ошондой эле кооптуу илдет, бирок көңүл бурушпайт.

Мисалы, санэпидем кызмататы эмне үчүн мага келип “Дилшад, маалымат бер” деп айтышпат? Менин өзүмдүн тизмем бар. Көзөмөлдөгүлө, статистикага киргизгиле деп бермекмин. Адис катары мага бир жылда ВИЧ жуктурган эки адам кайрылса, гепатит болгондор толтура келет. Башкаларга жугуп кетпейт деп, эч ким кепилдик бере албайт. Жалгыз гана кепилдик – бул эмдөө.

- Эгерде адамдын боору начар болсо – В же Д гепатити менен ооруса – башка органдарына да таасир этиши мүмкүнбү?

Дилшад Мамаджанов: Киши В же D гепатити менен ооруп жүрсө онкологиялык дартка өтүшүп кетиши 50% ыктымал. Цирроз дагы онкологиялык илдеттей эле. Боор менен өттүн, ашказан менен өттүн, көк боордун кызматы - эриш-аркак. Эң башкысы, боор канды чыпкалап, тазалап турат. Эмне үчүн биз шалдырап, эч нерсе кылгыбыз келбей калат? Анткени каныбыз коюлуп кетет. Тактап айтканда, каныбыз чыпкаланбай, токсиндер же кандагы уулар мээбизге келет. Ошондо биздин маанайыбыз чөгөт, нервибиз жукарат. Ачуубуз тез келип, урушкубуз эле келе берет. Көздөрүбүз, денебиз саргарып же карарып кетет. Атүгүл ажатканага баруубуз да алмашат. Жүрөк ооруса инфаркт болосуз, бөйрөк катуу ооруса иштебей калат, ал эми боор ооруса бүт организм ууланып, жарактан чыгат. Кишинин негизги органы жүрөк дейбиз, жок, жүрөк эмес - боор. Боор иштебей калдыбы болду, шишип, организм сууга толуп кетет.

Азыр жүрөктү операция кылып айыктырса болот жана анын операциясы анча деле кымбат эмес. Ал эми боор - биздин кыймылдаткычыбыз, биздин каныбызды чыпкалап турган нерсе, ошон үчүн боорду сакташ керек.

- Бейтаптарыңызга Индиядан алынып келинген дарыларды дайындайм деп жатасыз. Аларды кайдан алышат?

Дилшад Мамаджанов: Ошол эле ишкерлер алып келишет. Ошолордон барып ал деп айтам. Эгерде дарыканада бар болсо, дарыканадан алышат. Бир миллилитр канында вирустун көрсөткүчү миллион, миллиард болуп кеткен бейтаптар келет. Мен аларга вирусту нөлгө түшүрчү бир-эки дары бар, ошолорду сатып ал дейм. Бирок алар эң арзанын, 1,5 же 2 миң сомдугун алып алышат. Ал дарылар кыйыр таасир этип, бирок жардам бербейт. Ошондо алар: “Сиз жаман догдур экенсиз, жазган дарыларыңыз жардам бербеди” деп келишет. В вирусуна каршы 2 миңден 15 миң сомго чейинки ар түрдүү дарылар бар.Андай дарылардын наркы орточосун (3-5 миң сомдугун) тандатып, көзөмөлдөп турсаң, сөзсүз натыйжа болот. Мен Инстаграм баракчамда дарылоомдун жыйынтыгы тууралуу байма-бай маалымат берип турам.

Өткөндө эмдөө тууралуу айтып кеттик. Молдолор эмдетпегиле деп үгүт жүргүзүшөт эмеспи. Таластан бир бейтап келди. Менден кичүү экен, бирок сакал коюп алыптыр. Аялы дагы оронуп алган. Эки-үч жаштын тегерегиндеги эки баласы бар экен. “Арам” деп балдарга вакцина алдырбаптыр. Ал киши өзү В гепатити менен ооруйт экен, вирус аялына, аялы балдарына жуктуруптур. Балдарынын 1 мл канынан 56 миллиард вирус чыкты. Аларга он жашка чейин таблетка ичишке мүмкүн эмес. Аларга сироп бериш керек. Андай сироп Европадан гана келет. Аны атайын буюртма менен алдыруу зарыл. Дарылап атып, вирустун өлчөмүн жүз миңге түшүрдүк. Дарылабасак, цирроз болмок.

- Гепатит Внын вирусун алып жүргөн, бирок D вирусун жуктурбаган бейтап дагы канча жыл жашашы мүмкүн?

Дилшад Мамаджанов:  Кудайым канча өмүр берсе, ошончо жашайт. Айрым В вирусу бар бейтаптарды он жылдан бери дарылап жүрөм, боору таза, сонун иштейт. Туура тамактанат, ичимдик ичпейт, ачуу, майлуу жебейт. Диетаны сактайт. Оорунун күчөп кетишине өзүбүз себеп болобуз. Боорубузга кам көрбөй коёбуз, оор нерсе көтөрө коёбуз, же бир нерсе илештирип алып, иммунитетибизди түшүрүп алабыз.

Ошондо вирус агрессия берип, циррозго өтүп кетет. Цирроз болгондон кийин бүттү – боорду алмаштырыш керек. Боорду алмаштыргандан кийин калыбына келгенге чейин жана андан кийин да өтө этият болуп жүрүш керек.

- Кичинесинде вирусту жугузуп алган балдардын боору канча жаштан тартып жарабай калат?

Дилшад Мамаджанов: Тескерисинче, балдардын боору жаш болгону үчүн тез эле калыбына келип, бат эле сакаят. Алардын организми күчтүү, вирустарды тез эле жеп коёт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *