Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Сергиев Посад шаарындагы жардыруудан 16 киши жабыркады

0

Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Сергиев Посад шаарында 9-август күнү эртең менен катуу жардыруу болду. Жергиликтүү тургундар окуядан кийин асманга көтөрүлгөн коюу түтүндун видеолорун соцтармактарга жарыялашты.

“База” телеграм-каналы жазгандай, жардыруу Загорск оптико-механикалык заводунда болгон. Жакын жердеги үйлөрдүн терезелери күбүлүп түшкөн. Жардыруу болгонун Сергиев Посад шаардык аймагынын администрация башчысы Дмитрий Акулов дагы ырастады. Алдын ала маалыматтарга караганда, заводдогу пиротехника сакталган кампа жарылган. Буга ал жерде иштегендердин шалаакылыгы себеп болгон. Mash телеграм-каналы 25тей адам жабыркаганын жазды. Ал эми ТАСС агенттиги 16 киши жаракат алганын кабарлады. Цехтерден баардык жумушчулар эвакуацияланды.

 

Загорск оптико-механикалык заводунда аскердик максатта колдонулчу продукциялар да чыгарылат. Былтыр заводдун аймагында өрт тутанган.

9-август күнү эртең менен Москванын мэри Сергей Собянин шаарды көздөй келаткан эки дрон абадан коргонуу каражаттары аркылуу атып түшүрүлгөнүн билдирген. Ал учкучсуз аппараттын жерге кулаган сыныктарынан эч ким жабыркабаганын кошумчалаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *