Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Кыргызстанда мобилизация тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирди

0
Кыргызстанда мобилизация тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайты кабарлады.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 21-июнда кабыл алган.

Документ коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды Конституцияга, Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Жаза аткаруу кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине шайкеш келтирүү, президенттин, Министрлер кабинетинин, коргоо жана аскердик коопсуздук боюнча коргонуу маселелерин тескеген мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын аныктоо, Куралдуу күчтөрдүн курамын жана милдеттерин өзгөртүү, кайталануучу, эскирген жана коррупциялык ченемдерди алып салуу каралган.

Кол коюлган документке ылайык, “Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө” мыйзам өзгөртүлдү. Мурда мобилизациялык органдар жөнүндө жобону Министрлер кабинети бекитсе, жаңысында президент беките турган болду.

Мындан сырткары “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамы өзгөрөт. Эми офицердик курамдын аскер кызматчыларынын кызматта болуусунун курагына коюлган чектөө жогорулатылды. 30 жашка чейинки аскерге милдеттүүлөр запастагы офицерлерди даярдоо программасын бүтсө, “кенже лейтенант” даражасына ээ болот. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *