Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Имран Ханга беш жылга саясат менен алектенүүгө тыюу салынды

0
Имран Ханга беш жылга саясат менен алектенүүгө тыюу салынды

Пакистандын Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы премьер-министр Имран Ханга беш жылга мамлекеттик кызматтарга барууга, дегеле саясат менен алектенүүгө тыюу салды.

Мындай чечим Хан жемкорлукка айыпталып, үч жылга эркинен ажыратылгандан кийин 8-августта чыкты. Буга ылайык, Имран Хан депутаттык мандатынан да ажыратылат.

Имран Хан ага тагылган айыптардын саясий мүдөөсү бар экенин айтууда.

70 жаштагы мурдагы крикет жылдызы Хан Пакистан өкмөтүнүн башына 2018-жылы келген.

Ал былтыр апрелде бир нече жумалык саясий кризистен кийин кызматтан четтетилген жана парламент ага ишеним көрсөтпөөнү колдогон. Ошондон бери экс-премьерге баш-аягы элүүдөн ашуун кылмыш иши козголгон.

5-августта сот саясатчыны "мамлекеттик кызматта турганда чет өлкөлүк лидерлерден алган кымбат белектерди саткан" деген айып менен абакка кескен. Баасы 635 миң долларлык белектердин арасында Rolex сааты, асыл таштуу шакек жана башка баалуу буюмдар бар экендиги айтылган.

Хандын адвокаттары сот өкүмүнө каршы Жогорку сотко кайрылган. Иш 9-августта каралат. Учурда Имран Хан баш калаа Исламабаддан анча алыс эмес жердеги түрмөдө кармалып турат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *