Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Өзбекстанда белгилүү диний онлайн-медиа күтүүсүздөн жабылды

0
Өзбекстанда белгилүү диний онлайн-медиа күтүүсүздөн жабылды

Өзбекстанда диний багыттагы материалдарды чыгарып келген белгилүү Azon.uz медиа тобу күтүүсүздөн сайтын жаап, онлайн-телерадиоканалын токтотуп, себебин түшүндүрбөстөн социалдык тармактардагы бардык баракчаларын өчүрүп салды.

Медиатоптун негиздөөчүсү Мубашшир Ахмад Фейсбуктагы баракчасына себеби кийин түшүндүрүлөрүн гана жазып, чоо-жайын ачык айткан жок.

 

Айына 400-500 миң адам кирген Azon.uz сайтынын күтүүсүздөн жабылышын Өзбекстандагы маалымат каражаттары жана диний ишмерлер сынга алды. Алар медиатоп бийликтин кысымынан улам ушундай кадамга барышы мүмкүн экенин кыйытып жатышат.

Расмий Ташкент "Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын Azon.uz. сайтынын жабылышы тууралуу суроосуна жооп берген жок.

2021-жылы июнь айында сот аталган сайттын төрт кызматкерин диний материалдарды уруксатсыз жарыялаганы үчүн жоопкерчиликке тартып, айып пул салган. Өзбекстанда интернетке диний контентти жарыялоо үчүн сөзсүз уруксат алуу керек.

Быйыл апрелде эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" укук коргоо уюму соңку үч жылда өзбек бийлиги "диний-экстремисттик ойлорду камтыган" материалдарды сактаганы же жайылтканы үчүн жети кылмыш ишин козгогонун билдирген. Уюм кармалгандардын дин эркиндигине болгон укугу сакталбаганын белгилейт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *