Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Айыл чарба министрлиги айдоо жерлерин сугаруу 92% аткарылганын маалымдады

0

Айыл чарба министрлиги айдоо жерлерин сугат суу менен камсыздоо боюнча жылдын алгачкы жарымына карата жыйынтык чыгарып, суу жеткен жана жетпей калган сугат жерлер жөнүндө маалымат берди.

Билдирүүнү министрликтин басма сөз кызматы таратты.

Маалыматта айтылгандай, 1-августка чейин Кыргызстандагы сугат жерлерди 4 млрд 155,7 млн куб метр суу менен камсыздоо планы коюлса, иш жүзүндө 3 млрд 822,9 млн куб метр суу берилди. Бул план 92% аткарылды дегенди түшүндүрөт.

Министрликтик билдиришинче, жарым жыл ичинде өлкөдө 2662,5 миң гектар жер сугарылышы керек болсо, иш жүзүндө 2371,4 миң гектар жерге суу жеткен. Мунун 965,8 миң гектары биринчи сугатта, 1159,8 миң гектары экинчи сугатта сугарылган.

Облустарга бөлүп караганда, Жалал-Абад облусунда айдоо аянттары пландалгандан көбүрөөк сугарылыптыр – мында план 108% аткарылганы көрсөтүлөт. Ысык-Көл өрөөнүндө 99%, Баткен дубанында 98%, Ош аймагында 90% жерге суу жеткен. Чүйдө 88%, Таласта 86% жана Нарында 80% сугат жер сугарылыптыр.

Климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу соңку жылдары дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда сугат суу тартыш болууда. Быйыл да сугат мезгили башталгандан тартып эле жергиликтүү дыйкан-фермерлер суунун тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүп, көптөгөн эгин талаалары кургап кеткенине даттанышкан. Сугат суунун жетишсиздиги өзгөчө Чүй жана Талас облустарында курч болуп турат.

Июнь айында Бишкекте президенттик администрациясынын имаратынын алдына Ысык-Ата районунан келген 30дай фермер сугат суунун тартыштыгына нааразы болуп, акцияга чыгышкан. Алар менен Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү жолугуп, суу жеткирүү маселесин чечип берүүгө убада кылгандан кийин чогулгандар тарап кеткен. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *