Желим буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзамга кол коюлду
Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салынат.
Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында тыюу 2024-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт.
Мыйзам экспорт үчүн өндүрүлүүчү, турмуш-тиричиликте колдонуу үчүн био-чирип кетүүчү полимер материалдардан жасалган, кармагычы жок жана түргөктөп сатылуучу баштыктарды өндүрүүгө тыюу салбайт.
Жогорку Кеңеш 2023-жылы 29-июнда кабыл алган мыйзамга президент 10-августта кол койду.
Кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган баштык жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн жүгүртүүгө такыр тыюу салынат.
Кабыл алынган Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын тизмеги аныкталган.
Алар:
бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин бардык түрлөрү;
тамак-аш үчүн бир жолу колдонулуучу пластик идиш;
ПЭТ (полиэтилентерефталат, РЕТ) пластик бөтөлкөсү;
жумуртка үчүн пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу идиш;
кофе үчүн пластик капсулалар;
азык-түлүк үчүн сумка тор баштыктар.
Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйгөн.
"Тазалык" муниципалдык ишканасы 2019-жылы Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгара турганын жарыялаган Активисттердин эсебинде, таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт. (КЕ)