Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Быйыл 100 мектеп колдонууга берилери айтылды

0
Быйыл 100 мектеп колдонууга берилери айтылды

Быйыл жыл аягына чейин жүз, жаңы окуу жылына 36 мектеп колдонууга берилет.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев куруучулардын кесиптик майрамына байланыштуу салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы республика боюнча 204 мектептин курулушу башталган. Ал жалпысынан 491 объектинин курулушуна жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттен 8 млрд сомдон ашуун каражат каралганын кошумчалады. Төрөбаев каражаттын канчасы бөлүп берилгенин тактаган жок.

Кыргызстанда айрым айылдарда балдар эскилиги жеткен имараттарда окуп жатканы тууралуу маселе көптөн бери көтөрүлүп келет.

Авариялык абалдагы билим берүү жайларынын жаңы тизмесине 301 мектеп киргенин Жогорку Кеңештин февралдагы жыйынында Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин директору Гүлмира Жумабекова билдирген.

Мындай абалдагы мектептердин саны боюнча Ош облусу алдыңкы орунда (66 мектеп). (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *