Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

ӨКМ: кооптуу аймактар изилденет

0
ӨКМ: кооптуу аймактар изилденет

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү департаменти өлкө аймагында табигый кырсыктардан жапа чегиши ыктымал аймактарды изилдейт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Табигый кырсыктардын ичинен сел жана суу ташкындары эң көп зыян алып келген. Бир жылда 70тен ашуун ирет сел жүргөн, анын алтоо өзгөчө кырдаал деп катталган.

Аталган министрлик изилдөөнүн негизги максаты селдин алдын алуу, табигый кырсыктарды болтурбоо, алдын ала баалоо экенин белгиледи.

Август айынын биринчи он күндүгүндө өлкө аймагында 10дон ашык катуу сел катталды. Селден Түп, Жети-Өгүз райондору жана Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаары, Жалал-Абад облусунун Аксы, Базар-Коргон жана Ала-Бука райондору, Баткен району жабыр тартты.

7-августта Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Корумду, Көөчү, Талды-Суу айылдарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, айыл чарба талааларын, короо-сарайларды суу каптап, көпүрөлөрдү бузуп, олуттуу материалдык зыян келтирди.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстанда жыл сайын 400дөй табигый кырсык катталарын Дүйнөлүк банктын Аксель Ван Троценбург баштаган өкүлдөрү менен жолукканда билдирген.

Кыргызстанда төрт миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана алардын басымдуу бөлүгү Ош менен Жалал-Абад облустарына туура келет. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *