Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

"Алтын балалыкта" кыйылган өмүр: Куткаруучулар кайда жүргөн?

0

Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” реабилитациялык борборунда 14 жаштагы кыздын сууга чөгүп кеткени көл жээгиндеги эс алуучу жайларда коопсуздук чаралары тийиштүү деңгээлде каралбаганын дагы бир жолу көрсөттү.

Буга чейин деле көл жээгинде мунун айынан адам өлүмү менен коштолгон окуялар көп катталган.

"Сиңдимди чоочун эле адам куткарып чыгыптыр"

5-августта Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” реабилитациялык борборунда 14 жаштагы Айзада Кылычбекова сууга чөгүп кеткен.

Кыздын туугандары бул окуяга пансионаттын жетекчилигинин жана балдарды коштоп жүргөн жооптуу адамдардын шалаакы мамилеси себепкер болду дешет. Секелектин эжеси Жазгүл Калканбекова балдардын коопсуздугуна көңүл бурулбаганы үчүн пансионат жетекчилигин жана аларды коштоп баргандарды айыптоодо.

"Сиңдим Айзада менен кошо дагы бир кыз чөгүптүр. Алар жардам сурап кыйкырганда, пансионаттын кызматкерлеринен эч кандай жооп болбоптур. Айыл өкмөттөн коштоп барган тогуз адам барган күнү эле “майрамдап алып”, эртеси күнү балдарды карабай коюшкан. Жээкте кичинекей баласы менен эс алып жүргөн чоочун эле адам жардамга келип, берки кызды алып чыгыптыр. Ал кыз азыр реанимацияда. Ал киши кайра барып сиңдимди куткарганча кеч болуп калыптыр", - деди Жазгүл.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов каза болгон кыздын жакындары аны соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн жана арыз жазуудан баш тартканын "Азаттыкка" билдирди.

"Бизге "Тез жардам" кызматынан маалымат түшкөн. Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, күбөлөрдү сурашкан. Каза болгон кыздын жакындары милицияга арыз жазуудан жана сөөктү тийиштүү экспертизадан өткөрүүдөн баш тартып, алып кеткен. Бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши каралып жатат", - деди Усубакунов.

Айзаданын эжеси Жазгүл Калканбекова кыздын сөөгү бузулуп кетпесин деген ниетте ушундай кадамга барышканын айтууда.

"Өлүкканада муздаткыч системасы иштебейт экен, ичи жыпжылуу. Сиңдимдин чачынын баары кум, мойнун да туура эмес буруп жаткырып коюшуптур. Биз доо арыз жазган элек, бирок бизге "арыз жаздыңар, эми соёбуз, колуңарга бере албайбыз" дешти. Карасак, ысыкта сөөк бузулуп кетчүдөй. Жыттанып кетсе жаназа өтпөй калат деп, айла жоктон тосмо арыз жазып бердик".

"Кызды куткаруучу алып чыкты"

14 жаштагы Айзаданын өлүмү боюнча окуя болгон "Алтын балалык" реабилитациялык борборунун жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев "Азаттыкка" түшүндүрмө берди. Бейшеналиев кырсык болгон учурда өзү да балдар менен жээкте болгонун белгилеп, балдар кароосуз калган деген сөздөрдү четке какты.

"Ал күнү мен өзүм да жээкте балдар менен чогуу болчумун. Жарым сааттай мурун программа боюнча балдар сууга түшүп чыккан. Биз балдар менен мелдеш өткөрүп, жаңы эле аяктаганбыз, ошол мезгилде коңшу пляждан ызы-чуу угулуп калды. "Бул жакта төрт кыз балон менен сууга түшүп жаткан, толкундан аңтарылып, чөгүп атышат" деп айтышты. Биздин үч куткаруучу менен милиционерлерибиз чуркап барып, үч кызды суудан алып чыгышты. Эки кыз эч нерсе болбоптур, үчүнчү кыз кыйналып калыптыр. Ооруканага жатып, жакшы болуп, үйүнө кетти. Ал эми каза болгон кызды да куткаруучу алып чыкты, түшкөн жери терең экен. Алгачкы жардам көрсөтүлдү, бирок кеч болуп калыптыр, сактап кала албадык. Ошол замат апасына, туугандарына телефон чалып, чакырдык. Төрт кыз классташтар экен, алар да кандай болгонун бүт айтып беришти. Кырсык биздин пансионаттын аймагында эмес, биздин пляждын сыртында, жергиликтүү эл сууга түшкөн пляжда болгон".

Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, мурда жыйырма баланы бир коштоочу караса, азыр алардын саны эки эсе көбөйтүлгөн. Ошондой эле куткаруучулардын саны да көбөйтүлүп, он куткаруучу алынган. Мындан тышкары аймакты кайтарган беш-алты күзөтчү бар экенин кошумчалады.

Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек Айзаданын өлүмү - көл жээгиндеги эс алуучу жайларда коопсуздук чаралары тийиштүү деңгээлде каралбаганын дагы бир жолу далилдеди.

25-июлда Ысык-Көлдө моторлуу кайыкка чиркелген "таблетка" баллон токтоп турган катерге күү менен чабылып, эки адам ошол жерден, бирөө кийинчерээк ооруканадан көз жумган. Моторлуу кайыкты айдаган 16 жаштагы улан камалган.

Бул окуядан кийин 25-июлда президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүүнү тапшырган.

Ага байланыштуу 26-июлда тармактар аралык комиссия түзүлүп, комиссия көл жээгинде кырсыктарды болтурбоо жана эс алуучулардын ден соолугун сактоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзөрү кабарланган.

"Пляжда 50 метр сайын бирден куткаруучусу болушу керек"

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын тармактык адиси Ринат Абдулманов комиссия өзүнө тиешелүү ишти жүргүзүп жатканын белгилеп, ошол эле учурда куткаруучулардын жетишсиздигин да айтып кетти.

"Эс алуучу жайлардын ээлерине жана пляждарды ижарага алып иштеткен ишкерлерге атайын өкмөттүн токтомуна ылайык, коопсуздук чараларын көрүү боюнча талаптар коюлат. Мындан тышкары, шаардык жана райондук администрацияларга да эскертүү берилет. Сууга түшүүгө болбой турган, кооптуу жерлерге атайын эскертүү тактайлары орнотулат. Анда эс алуучулар сууга түшкөн жээктерди кесипкөй куткаруучулар менен камсыздоо талабы да коюлган. Талап боюнча пляждын ар бир 50 метринде бирден кароол мунарасы (вышка) турушу керек, анда кеминде бирден куткаруучу сууга түшүп жаткандарга көз салып отурушу керек. Биз бул талаптардын канчалык аткарылышын көзөмөлдөө укугубуз жок".

Абдулманов ӨКМдин суу жээктеринде эс алуучулардын коопсуздугуна жооп берүүчү куткаруучулары жок экенин, бул үчүн атайын штат каралбаганын кошумчалады. 

Бирок министрликтин алдында суучул-куткаруучуларды даярдоочу атайын борбор бар. Ал Чолпон-Ата шаарында жайгашкан, быйылкы жылы бул борбордон 136 куткаруучу окуп, атайын адистик сертификатын алышкан. Суучул-куткаруучуларга чөгүп бараткан адамды суудан алып чыгуудан тартып, алгачкы жардамды көрсөтүүгө чейинки ыкмалар үйрөтүлөт.

Эс алуу жайларындагы коопсуздук

6-августка караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылына жакын көл жээгинде эс алып жаткан 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун табышмактуу өлүмү учурда иликтенип жатат. Алгач жүрөгү кармап каза тапканы айтылган маркумдун жакындары ал киши колдуу болгонун айтып, Бекболду сабагандарды таап, жазага тартууну талап кылып, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Көп өтпөй бул ишти мамлекет башчы өз көзөмөлүнө алганын маалымат катчысы кабарлады.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 10-августта Бекбол Аманкуловдун жакындары менен жолугушканы белгилүү болду.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, министр маркумдун жакындарына бул окуя ар тараптуу жана калыс каралып жатканын, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын максаттуу тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, анын курамына тажрыйбалуу кызматкерлер киргенин билдирди.

Тергөө иштеринин жүрүшү боюнча маркумдун туугандарына маалымат бериле турганын, окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатканын кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, быйыл июнь-ибль айларында 55 киши сууга чөгүп мерт болду. Алардын 21и балдар. Былтыр ушул маалда 48 өлүм катталган, быйыл сууга чөгүп көз жумгандардын саны 18% өстү.

ӨКМдин маалыматына ылайык, былтыр 85 адам сууга чөгүп каза болгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *