Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Иран: Чуулгандуу маеги үчүн соттолгон журналист абактан чыкты

0
Иран: Чуулгандуу маеги үчүн соттолгон журналист абактан чыкты

Иранда өлүмү жапырт толкундоолорго себеп болгон кыздын атасынан интервью алгандан кийин камакка алынган журналист Назила Марофян боштондукка чыкты. “Азаттыктын” иран кызматынын маалыматына караганда, ал 13-августта Тегерандагы түрмөдөн убактылуу бошотулганын социалдык түйүндөр аркылуу билдирип, “силер эң жакшы жашоого татыктуусуңар, ошондуктан кулчулукка баш ийбегиле” деп жазды.

Марофянды полиция 2022-жылы 29-ноябрда кармап кетип, камакка алган. Анын алдында журналист кыздын эки ай мурда полициянын имаратында каза болгон Махса Амининин атасы менен интервьюсу чыккан болчу. Анда кызынан айрылган киши соттук эксперт менен сүйлөшкөндө ал “өлүмдүн себеби тууралуу тастыктамага каалаганымды жаза алам, мамлекеттин кызыкчылыгына туура келгенин жазам” деп айтканын билдирген. Кийин журналист кыз бул маеги үчүн соттолгон. 5-августта анын ден соолугу начарлаганы белгилүү болгон.

Жоолугун туура эмес салынган деген негизде кармалган 22 жаштагы Амининин өлүмүн полиция анын ден соолугу менен байланыштырган, бирок ал киши колдуу болгону айтылгандан кийин ири нааразылык акциялары тутанган. Көз каранды эмес байкоочулар 527 демонстрант өлтүрүлгөнүн, алардын 71и өспүрүмдөр экенин маалымдашкан. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *