Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Канат Исаевдин сотунда күбөлөр көрсөтмө бере баштады

0
Канат Исаевдин сотунда күбөлөр көрсөтмө бере баштады

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Канат Исаевге козголгон кылмыш иши каралып жатат. Бүгүн, 14-августта экинчи сот отуруму болду.

Исаев "Азаттыкка" комментарий бергенде, процесс жабык өтүп жатканын, күбөлөрдөн көрсөтмө алуу башталганын билдирди.

Экс-депутат ушул жылдын январь айында үй камагына чыккан. Ал Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган саясатчылар жана активисттер менен катар былтыр 23-октябрда кармалган.

Анда Биринчи май райондук соту саясатчы 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында камалганын билдирген.

Исаев 2017-жылы "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деген шек менен камалган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отурган жана 2018-жылы июлда Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.

Саясатчы күнөөсүн мойнуна алган эмес.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *