Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Кара-Суудагы жол кырсыгы: жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды

0
Кара-Суудагы жол кырсыгы: жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды

Ош-Кара-Суу жолундагы эки адамдын өмүрүн алган кырсыкка шектүү катары жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы 15-августта “Азаттыкка” билдирди.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин (“Коркунучта калтыруу”) негизинде кылмыш иши козголуп, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маалыматта тергөөнүн жүрүшүндө шектүү адам окуя болгон жерден качып кеткени аныкталган деп айтылат.

“Жабырлануучулардын өмүрү жана ден соолугу коркунуч абалда экенин билсе да, өзүн сактап калуу максатында окуя болгон жерден кетип калган”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

12-августта Ош-Кара-Суу жолундагы суу түтүгү кулап түшкөн кырсыктан эки адам каза болуп, үч киши жабыркаган, алардын экөө - жаш балдар.

Милиция билдиргендей, “J-FANG” үлгүсүндөгү унаа Кара-Суу районунун Нариман айылынын Насирдинов көчөсү менен бара жатып, жолдун үстүнөн өткөн суу өтүүчү түтүктүн бийиктигин эске албай, бузуп алган. Суу түтүгү жолдун каршы тилкесинде келе жаткан “Дэу-Нексия” үлгүсүндөгү унаанын үстүнө түшүп кеткен. Жеңил унаанын алдыңкы салонунда олтурган эки адам ошол жерден көз жумган, ал эми арт жагындагы үч адам жараат алып, ооруканага жеткирилген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *