Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек өкмөт өкүлдөрүнүн жыйыны өтөт

0
Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек өкмөт өкүлдөрүнүн жыйыны өтөт

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 15-августта иш сапары менен Кыргызстанга келди. Аны "Ысык-Көл" эл аралык аба майданынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы ал 16-августта Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышарын билдирди.

Анда кандай маселелер каралары тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Абдулла Арипов Кыргызстанга соңку ирет 2022-жылы декабрда келген.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров мартта иш сапар менен Өзбекстанга барган. Андагы жолугушууларда эки өлкөнүн президенттери кол койгон келишимдерди аткаруу маселеси талкууланган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *