Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Лондондо үч киши Орусияга тыңчылык кылууга шек саналып кармалды

0
Лондондо үч киши Орусияга тыңчылык кылууга шек саналып кармалды

Британияда Орусиянын пайдасына тыңчылык кылууга шек саналып  Болгариянын үч жараны кармалды. Бул тууралуу «Би-Би-Си» дүйнөлүк кызматы жазды. Ишти Лондондун Олд-Бейли борбордук кылмыш соту карап жатат. Биринчи соттук жараян 2024-жылдын январь айына белгиленген.

Маалыматка караганда, бир топ жылдан бери Британияда отурукташкан Орлин Русеев, Бизер Жамбазов жана Катрин Иванова февраль айында кармалышкан.

Алардын жанынан бир канча мамлекеттин жасалма паспорттору табылган.

Болгариянын Лондондогу элчилиги жарандарынын кармалышы тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун болгар кызматынын комментарий берүү өтүнүчүнө аларда бул боюнча эч кандай маалымат жок экенин билдирди.

Ал эми Болгариянын Тышкы иштер министрлиги иш иликтенип жатканын кабарлады.

Британ полициясынын контртеррордук бөлүмү соңку кездери өзгөчө Орусиянын пайдасына тыңчылык кылуу менен алектенгендерди жана мамлекетке коркунуч келтиргендерди иликтөөгө көп убакыт кетип жатканын билдирип келишет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *