Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Кемпир-Абад: абактагылар иш менен толук таанышпаганын айтып чыкты

0
Кемпир-Абад: абактагылар иш менен толук таанышпаганын айтып чыкты

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчылар Равшан Жээнбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жеңиш Молдокматов иш боюнча материалдар менен тааныша албай жатканын айтып чыгышты.

Билдирүүдө алар прокуратура кызматкерлери “жашыруун сырды” негиз кылып иштин материалдарын толук бербей жатканын белгилешкен.

“Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 253-беренесине ылайык, тергөө аяктагандан кийин бардык материалдар менен, анын ичинен жашыруун сырды түзгөн материалдар менен дагы айыпталуучуну толук тааныштырат. Бул учурда "жашыруун сырды камтыйт" деген материалдардан көчүрмө алууга жана жазып алууга укуктуубуз. Тилекке каршы, бул иш боюнча бизге сыр болгон жана болбогон дагы материалдардын көчүрмөлөрүн алууга тыюу салышты. Ал эми жашыруун деген документтерди конверттерге салып, аларды жада калса ачтырбай жатат. Жыйынтыгында биз иш менен толук таанышкан жокпуз”, - деп айтылат кайрылууда.

Алар иштин материалдары менен тергөө маалында да убакыттын тардыгынан таанышпаганын, сотто таанышуу боюнча тилкат жазып беришкенин айтышкан. Саясатчылар иш менен толук таанышмайынча сотто өзүн коргоо кыйын болорун белгилешкен.

16-августтагы кайрылуу боюнча Башкы прокуратура комментарий бере элек.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу сот жараяны 22-июнда башталган жана процесс жабык өтүп жатат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *