Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү беш айда 13,3% өстү

0
Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү беш айда 13,3% өстү

Чолпон-Ата шаарында 16-августта кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны өттү. Ага эки өлкөнүн өкмөт башчылары баштаган делегация катышты.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы анда эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык өсүп жатканы белгиленгенин кабарлады.

"Эки мамлекеттин соода-экономикалык мамилелеринде оң тенденция байкалууда. Ушул жылдын беш айында соода жүгүртүүнүн көлөмү 13,3% өсүп, 215,8 миллион долларды түздү. Жакынкы келечекте эки тараптуу сооданы эки миллиард долларга жеткирүү пландалууда", - деп жазылган маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өз ара кызматташуунун кеңейишинде бизнес чөйрөсү, эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталары, Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду сыяктуу бир катар тармактар маанилүү роль ойнорун белгилеген.

“Өзбекстандагы Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү ишин баштады. Ошондой эле эки мамлекет биргелешип автомобиль жана коммерциялык техниканы чыгарган объектинин курулушуна капсула салды. Мындан тышкары жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, тоо-кен өндүрүшү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармактарында биргелешкен ишканаларды түзүү, кичи жана орто гидроэлектростанцияларды куруу боюнча долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгилегим келет", - деген Жапаров.

Жыйындын соңунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынынын протоколуна кол коюлду.

Эки өлкөнүн ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси жыйынтыкталганын президент Садыр Жапаров быйыл жыл башында Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кеткенде айткан. Ал бул күндү "тарыхый күн" деп атап, чек ара маселесине чекит коюлганын билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан жер маселеси былтыр өлкөдө чоң саясий темага айланган. Бийлик Кыргызстандын кызыкчылыктары толук корголгонун билдирген. Суу сактагычтын жери өзбек тарапка өтүп жатат деген кооптонуусун айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист камакка алынган, алардын айрымдары үй камагына чыкты, калгандары тергөө абагында отурат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *