Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Чүйдө жашы жете элек кызга нике кыйган имамга кылмыш иши козголду

0
Чүйдө жашы жете элек кызга нике кыйган имамга кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлиги Чүй облусунда жашы жете элек кызга нике кыйган имам тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылынын Э.Р. аттуу имамы 2005-жылы туулган Б.М. аттуу кызды өзүнөн он жаш улуу Ш.Х. аттуу жаранга никесин кыйганы аныкталды. Айылдын имамы башында камалып, сотто бөгөт чарасы аныкталганда, үй камагына чыгарылды.

"Бул фактыга байланыштуу Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу") боюнча кылмыш ишин козгоду. Имам милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотто ага карата үй камагына чыгаруу бөгөт чарасы тандалды. Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанда 2016-жылы 18 жашка жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Анда үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Мыйзамдын негизинде никеге уруксат берген кыздын ата-энеси дагы, нике кыйган имам дагы сот жообуна тартылат. Бирок тыюуга карабай жашы жете элек кыздарды турмушка берген учурлар катталып турат.

ЮНИСЕФтин 2018-жылдагы маалыматтарында Кыргызстанда 20-49 жаштагы аялдардын 12,7 пайызы 18 жашка чейин турмушка чыкканы айтылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *