Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Кыргыз-өзбек мамилеси: суу, темир жол жана соода

0
Кыргыз-өзбек мамилеси: суу, темир жол жана соода

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйыны өттү.

Ага катышуу максатында 15-августта коңшу мамлекеттин премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегация Кыргызстанга келген.

Мамлекеттик чек араларды тактаган келишимге кол коюлгандан кийин эки өлкө ортосунда мамиле жакшырып, экономикалык карым-катышка таасирин тийгизди. Эки тарапты дагы кайсы кызыкчылыктар бириктирип, биргелешкен кандай долбоорлор мерчемделип жатат?

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык саясий талаш жаратып келаткан чек аралары такталып, чечилгенден кийин жандана баштады.

Чолпон-Атада да Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен премьер-министр Абдулла Арипов баштаган делегация эки мамлекет ортосундагы кызматташуу “мурда болуп көрбөгөндөй” ыргакта жүрүп жатканын белгилешти:

“Өткөн жылдын жыйынтыгы менен өз ара товар жүгүртүүнүн өлчөмү 32 пайызга көбөйүп, рекорддук 1 млрд 260 млн долларга жетти. Тилекке каршы, биздин статистика боюнча, быйылкы жарым жылда динамика бир аз басаңдап, азайды. Ошого карабай бизде азырынча пайдаланыла элек зор потенциал бар”.

Абдулла Арипов Садыр Жапаров менен кечээги жолугушуусун эске алып, "президент мырза кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, милдеттерди койду. Биз сиздер менен бирге, урматтуу Акылбек Үсөнбекович, бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн иштерди жүргүзүүгө даярбыз" деди.

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү артып, өкмөттөрү бир катар биргелешкен долбоорлорду мерчемдеп жатканын айтты:

“Биздин алдыбызда президенттебиз койгон товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү милдети турат. Бизде ага жетүү үчүн бардык шарттар бар. Аймакка маанилүү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору ийгиликтүү ишке ашууда. “Камбар-Ата-1” ГЭСин биргелешип куруу боюнча жумуштар жүрүүдө. Кыргызстан суу-энергетикалык комплекстүү маселелер боюнча ар тараптуу жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө аймактагы мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу менен дайыма ачык бойдон калат. Биздин бардык мамлекеттердин өнүгүүсү сууну иштетүүдөн көз каранды, бул Борбор Азияны бириктирүүгө кудуреттүү жана бириктире да ала турган фактор деп эсептейбиз”.

Эки мамлекеттин алдыга койгон долбоорлорун жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлгөн, анын алгачкы капиталы 50 млн доллар.

Акылбек Жапаровдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда Өзбекстандын капиталы салынган 60 ишкана жумушун баштап, азыр иштеп жатат. Анын 22си биргелешкен ишкана, калган 38и өзбек капиталы менен иш алып барууда.

Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовдун пикири боюнча, ар кайсы форматтагы кездешүүлөрдө товар айлантууну 1 млрд долларга жеткирүүнү, кийинчерээк аны 2 млрд долларга чыгарууну макулдашкан учурлар көп болгон.

“Эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү мурда 270-300 млн эле доллар болчу. Алгач бизге аны 500 млн долларга жеткирүү тапшырмасы коюлган. Кийин 1 млрд АКШ долларына жеткирүү, анан 2 млрд долларга көтөрүү керек деп айтылды. Былтыр ошол бир миллираддык чектен өттүк. Мына акыркы эки жылда президенттикке Садыр Жапаров келип, мамиле жакшырды. Анын жакшырышына Шавкат Миромоновичтин Кыргызстанга, кыргыздарга жасаган өзгөчө мамилеси да таасирин тийгизип жатат. Себеби Мирзиёев бийликке келгенден көп өтпөй эле Өзбекстандагы жалаң кыргыздар жашаган Манас айылын кыска аралыкта оңдоп салды. Анан мен мактаныч менен эле айта алам – 2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында эң көп гуманитардык жардамды Өзбекстан, өзбек эли берди. Буга ыраазы болуп, унутпашыбыз керек. Ал эми “Камбар-Ата -1 ГЭСи” боюнча айта турган болсок, мен пикиримди бул маселе боюнча дайыма ачык айтып келем, элчи болуп иштеп турганда да ушул эле пикиримди ачык айткам – колдон келсе суунун башын, суу ресурстабызды өзүбүз башкарышыбыз зарыл”.

Быйыл январдын башында Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев, Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков, Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов аталган гидроэлектростанцияны куруунун “жол картасы” боюнча макулдашууга кол коюшкан.

Ага ылайык Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Биргелешкен ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33 пайыздан бөлүнөт.

Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы ыйгарым укуктуу элчиси Эмил Узакбаев азыр эки мамлекеттин ортосунда чындыгында эле мыкты мамиле түзүлүп турганын, бирок ар кандай жагдай, себептерден улам мамиле курчуп кеткен да учурлар болгонун, келечекте болуп да калышын эске алып сууну пайдалануу зарыл деген пикирин ортого салды:

“Эки мамлекеттин мамилесинде оор учурлар да болду. Мисалы, мен элчи болуп турган жылдарда чек ара такталбай, газ берүү үзгүлтүккө учурап, Ислам Абдуганиевич менен биздин президенттин мамилеси салкындаган. Ушундай жагдайлар эки өлкөнүн кызматташуусуна, соода-экономикалык, илимий-маданий-гуманитардык алакаларга терс таасирин тийгизген. Азыр эми мамиле жакшырып жаткан маал. Шавкат Миромоновичти мен жакындан тааныйм. Ал киши бийликке келип, биздин бийлик жаңыланып, кызматташтык жакшы жолго түштү. Эми “Камбар-Ата-1 долбоору тууралуу айтсак, Кыргызстандын негизги байлыгы - бул суу. Мындан бир канча жылдар мурда “бир убакыт келет, суу сатылат, суу бензинден кымбат болот" десе биз “кантип ошондой болсун” деп күлчүбүз да. Мына ошол заман азыр келди. Дүйнөлүк эксперттердин баасы боюнча, суунун барк-баасы ченемсиз болот. Ошол заманга жеттик. Эми ушуга жараша менин кыргыздын жараны катары, уулу катары айтарым, өзүбүз мүмкүнчүлүк таап, ГЭСти өзүбүз курсак жакшы болмок. Бүгүн эми мамилебиз жакшы болуп турат. Бирок ар кандай себеп, жагдайларга, геосаясий абалга жараша өзгөрүп турат да. Келечекте суу биздин белдүү рычагыбыз болмок, анын баасын дүйнөлүк рынокко карап өзүбүз бычмакпыз. Биздин улуттук кызыкчылыкка, биздин улуттук саясатка тууралап соодалашканга, сүйлөшкөнгө, сатып алганга жакшы шарт түзүлмөк. Эгер Өзбекстан дагы, Казакстан дагы “Камбар-Ата-1 ГЭСине” уюштуруучу болуп кирсе, албетте, алар өз кызыкчылыгына жараша сөзүн айтат. Бизге кышында электр кубаты үчүн суу агызган пайда, аларга болсо тескерисинче, пахтасын, жер-жемишин, айыл чарба продукциясын сугарыш үчүн жайында суу керек”.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дагы бир ири долбоор - бул Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу. Былтыр сентябрда Самаркандда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити маалында бул долбоор боюнча макулдашууга кол коюлган.

Кийин 6-январда Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун “жол картасы” боюнча макулдашууга жетишилген.

Чолпон-Атадагы өкмөттөр аралык жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты 49 жылга башкарууга берип жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директору Канатбек Тургунбеков билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан “Дилором", "Золотые пески", "Рохат" жана “Бустон” пансионаттарынын ар бирине 15-20 миллиондон доллар инвестиция жумшоону көздөп жатат.

Канат Тургунбековдун маалыматында, мындан тышкары Азербайжан менен биргеликте Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкана куруу долбоору пландалууда. Ошондой эле Казакстан дагы төрт пансионтка инвестиция салууну көздөп жатат.

Чолпон-Атада өткөн бүгүнкү жыйындын жүрүшүндө маданий-гуманитардык жана билим-илим байланыштарын арттыруу зарылдыгы да белгиленди. Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн алкагында ноябрда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын белгилөө пландалууда. Өз кезегинде премьер-министр Абдулла Арипов 7-10-сентябрда Өзбекстанда өтө турган этноспорт фестивалына кыргызстандык спорчуларды чакырды.

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отурумунун жыйынтыгы менен протоколго кол коюлду.

Ага чейин...

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин быйыл 26-27-январда Кыргызстандагы эки күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында өз ара алака-катышты чыңдап, өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлган.

Мирзиёевдин эки күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында бизнес форум уюштурулуп, тар жана кең чөйрөдөгү жолугушуулар өткөн.

Кол коюлган документтер:

Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргызстандын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Бажы комитетинин ортосундагы өз ара сооданын бажы статистикалык маалыматтарын алмашып туруу жаатында иштешүү тартиби жөнүндөгү протокол;

Кыргызстандын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Бажы комитетинин ортосундагы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын каржылык шектүү операцияларды жүргүзүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;

Кыргызстандын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик менен Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстандын Жаштар саясаты жана спорт министрлигинин ортосундагы жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргызстан жана Өзбекстандын Энергетика министрликтеринин ортосундагы энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргызстан жана Өзбекстандын Энергетика министрликтеринин ортосундагы көмүр өнөр жайы жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы өнөр жайдын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз-өзбек өкмөтүнүн ортосундагы 2017-жылдын 6-сентябрындагы кыргыз өкмөтүнүн чек арага жакын райондорунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Өзбекстандын чек арага жакын облустарынын хокимдеринин кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү протокол;

2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери тууралуу келишимдин ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө Протокол;

2006-жылдын 3-октябрындагы кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын кеңири майрамдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы;

Кыргызстандын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Жизак облусунун хокимияты ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерция техникаларын өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

2023-2025-жылдарга карата Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы стратегиялык соода-экономикалык өнөктөштүк программасы;

Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргызстан менен Өзбекстандын Айыл чарба министрликтеринин ортосундагы айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргызстандын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Жизак облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;

Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Фергана облусунун хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;

Кыргызстандын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Наманган облусунун хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;

Кыргызстандын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Анжиян облусунун хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;

Кыргызстан жана Өзбекстандын Энергетика министрликтеринин ортосундагы Чаткал ГЭС каскадын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандуму;

“Дастан ТНК” ААКсы менен TOSHELECTRAPPARAT ЖЧКсынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору (АСКУЭ электр эсептегичтерин чыгаруу боюнча);

Кыргызстандын президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусундагы Baxodir Log'on Tekstil (ЖЧК) биргелешкен ишканасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу долбоору.

 

Мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга барып, президенттер кол койгон келишимдерди аткаруу маселесин талкуулаган. Ал бир катар өнөр жай жана өндүрүш ишканаларын кыдырган. Анда эки өлкө ортосунда экономика, айыл чарба багытындагы кызматташтык, биргелешкен ишканаларды иштетүү тууралуу "жол картасы" кабыл алынган. Ага бир катар долбоорлор кирген:

Ташкент жана Бишкек шаарларында "Made in Kyrgyzstan" жана "Made in Uzbekistan" дүң жана чекене соода жүгүртүү борборлорун (соода үйлөрүн) түзүү жөнүндөгү "жол картасы";

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы артыкчылыктуу долбоорлорду илгерилетүү “жол картасы”;

"ДТ Техник" (Кыргызстан), "НУР" (Кыргызстан) жана "Узавтосаноат" (Өзбекстан) ишканаларынын ортосунда Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык транспорт каражаттарын өндүрүүнү (SKD) уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

""ДАСТАН" Трансулуттук корпорациясы" (Кыргызстан) менен “Тошэлектроаппарат” (Өзбекстан) ишканаларынын ортосунда акылдуу эсептегичтерди даярдоо, чогултуу жана чыгаруу боюнча кызматташуу жөнүндө келишим;

Кыргызстандын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргыз көмүр" жана "Узкимеимпекс" (Өзбекстан) ишканаларынын ортосундагы көмүрдү жеткирүү (экспорт) боюнча 10 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү келишим;

"Бишкек машина куруу заводу" жана "ЧирчикМашАгро" ишканаларынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу;

Айыл чарба тармагындагы кызматташуу боюнча өзбек-кыргыз жумушчу тобунун биринчи отурумунун протоколу;

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти менен Өзбекстанстандын "Агросервис оператору" мамлекеттик унитарлык ишканасынын ортосунда жашылча жана мөмө-жемиш тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти менен Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү комитетинин алдындагы Балык чарба илим-изилдөө институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти менен Өзбекстанстандын Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо агенттигинин Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо илимий-изилдөө институтунун ортосунда органикалык айыл чарба тармагында кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Ак-Моюн, Кара-Моюн, Эмгек-Талаа, Сары-Ой, Учкун, Ак-Кудук жана Баетов айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы “Baxodir Log`on Tekstil” жоопкерчилиги чектелген коому менен (Өзбекстан) айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн жерлерди өздөштүрүү үчүн (8 миллион долларлык келишим);

Ат-Башы акимчилиги менен Baxodir Log`on Tekstil ишканасынын (Өзбекстан) ортосундагы биргелешкен топоз өстүрүү (багуу) жөнүндө меморандум;

Vision Group (Кыргызстан) менен Mega Farm Service (Өзбекстан) ишканаларынын ортосунда Кыргызстанда биргелешкен фармацевтикалык өндүрүштү түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум (10 миллион долларлык келишим);

Halmion Prom (Кыргызстан) менен Child Toys Corporation (Өзбекстан) ишканаларынын ортосунда Кыргызстанда эмеректерди жана желим куурларды жана буюмдарын чыгаруу боюнча биргелешкен заводду түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум (3 миллион долларлык келишим);

"Тооке ЖТ" (Кыргызстан) менен SAYQAL (Өзбекстан) ишканаларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум (500 миң долларлык келишим).

 

Июнда президенттин алдындагы инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэл Темиралиевдин Өзбекстанга сапарынын алкагында коңшулардын ишкерлери Кыргызстандагы ар түрдүү долбоорлорго болжол менен 70 млн доллар инвестиция салууга даяр экендиги маалым болгон. Аталган агенттиктен 5-июнда билдиришкендей, Темиралиев Өзбекстандын инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугуп, жыл аягына чейин ишке ашырыла турган келишимдердин аткарылышын талкуулаган.

Коңшулар Кыргызстанда базальт буласын өндүрүү, кальций карбидин чыгаруу, текстил ишканаларын курууну жана кварцты байытуучу завод ачууну да пландап жатышат деп айтылган маалыматта.

Отуз жылга жакын убакыт чек араларын тактай албай келген Кыргызстан менен Өзбекстан быйыл жыл башында бул жаатта тил табышкан.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда Бишкекке иш сапары менен келгенде эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндө башкы документке кол коюлган.

Ага ылайык эки мамлекет өз ара пайдалуу деген мунасага келип, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жерди коңшусуна өткөрүп, анын ордуна чек араны бойлогон айрым аймактардан жер алганын билдирген.

Буга каршы болгон отузга жакын активисттер, саясатчылар жана блогерлер Бишкектеги тамактануучу жайлардын биринде жыйын өткөрүп, анын аркасынан былтыр, октябрь айында камакка алынган. Учурда алардын он төртү тергөө абагында жатат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек аранын 1170 чакырымы же 85 пайызы такталган, андан берки убакытта калган 13 пайызга жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган. Ошентип, 31 жылдан бери чечилбей келаткан чек ара талаштарына быйыл чекит коюлду.







Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Вкусно и безопасно: гастроэнтеролог Садыков назвал 5 продуктов, снижающих холестерин

Более 500 человек посетили «Ночь музеев» в Ставропольской краевой психиатрической больнице №1

Азербайджанцев оправдали за убийство спортсмена Евгения Кушнира в Самарской области. Делом заинтересовался глава Следкома РФ А. Бастрыкин

Футболисты ФК «Динамо Пушкино» заняли второе место в межрегиональном турнире Laffy Cup 2024


Glen Powell’s parents crash Texas movie screening to troll him

Gunmen open fire and kill 4 people, including 3 foreigners, in Afghanistan's central Bamyan province

AML check crypto

Precision in Motion: Exploring Baltic Bearing Company-Riga


Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

На Невском заводе электрического транспорта наградили победителей фестиваля «Транспорт: будущее»

АО «ДиМ» демонтировало 40% старого путепровода над железнодорожными путями

«Байкал Сервис» стал партнером Премии 2ГИС


Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks

Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Estischool - Школа за британською програмою


Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”

До конца года в Москве проведут почти в 2 раза больше операций, чем в 2023 году

Чеченка Лия Заурбекова поделилась подробностями конфликта с семьей в полиции

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице


Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве

Что там в IT: ИИ-отрыв Google, ChatGPT почти человек, отечественный BIOS

Мучается от боли. Новые факты о нападении афганца на студентку в Москве


«И по встречке едут, и через сплошную разворачиваются». Водителям фур ПДД не писаны?

Автомобилистам в Москве рекомендовано быть внимательнее из-за тумана

Сибирская школа геонаук ИРНИТУ проводит геологический семинар

Драка со стрельбой произошла на юге Москвы


Российский теннисист Медведев опустится на строчку в рейтинге ATP

Шнайдер вышла в финал турнира WTA-125 в Париже, обыграв Грачёву

Даниил Медведев идет третьим в чемпионской гонке ATP, Андрей Рублев — пятый

Рыбакина узнала свое место в новом мировом рейтинге


Блогер Эвенкийка представит Якутию на конкурсе красоты Mrs World Russia

Более 3 тыс рабочих офисных мест появится на западе Москвы по горпрограмме

Два автомобиля столкнулись на Кутузовском проспекте

Сибирская школа геонаук ИРНИТУ проводит геологический семинар


Музыкальные новости

Певец Сергей Шнуров заявил, что бог велел Киркорову проклинать "Евровидение"

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Певец Эмин Агаларов дал первый концерт в России после трагедии в "Крокусе"

В Екатеринбурге одиннадцатиклассники прощаются со школой под песни Басты: онлайн


Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”

Чеченка Лия Заурбекова поделилась подробностями конфликта с семьей в полиции

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

Свыше 600 навалов мусора устранили в Подмосковье за неделю


«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

Бухалово и Париж: откуда появились необычные и смешные названия населенных пунктов в России

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает В.В. Путину улучшить либо отменить налоги в обществе.

Россия, Культура, Театр и Дети - о ПДД детям показали артисты постановку в театре кукол Ульгэр в Бурятии


Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о качественном росте отечественного автомобилестроения

Москвичам посоветовали быть внимательнее на дороге из-за тумана

Китайский дрифт в российском инфополе

Полиция начала поиск скрывшихся участников массовой драки на юге Москвы


Такер Карлсон стал ведущим телеканала «Россия 24»

Не сработает: Вашингтону предсказали провал из-за Москвы

В Москве стартовал Национальный конгресс эндокринологов

Путин: РФ продолжит взаимодействие с Ираном как при Раиси


Заболеваемость COVID-19 в России выросла почти на 14,7 процента за неделю



Россияне рассказали, какие вредные привычки коллег раздражают их больше всего

Новое отделение вызовов врачей на дом открылось в МОЦОМД в Люберцах

В Москве завершился Всероссийский форум «Здоровье нации – основа процветания России».

Онколог Анастасия Марьенко объяснила, кто подвержен риску развития меланомы


Зеленский объяснил, почему не хочет приглашать РФ на «саммит мира»

Зеленский заявил, что обеспокоен заявлениями республиканцев в США


«Молитесь, друзья»: сын олимпийского чемпиона Ивана Стретовича погиб во время родов в Новосибирске

Курсант Пермского военного института Росгвардии принял участие в финале интеллектуальной олимпиады Приволжского федерального округа

Охрана и безопасность. Как роботы и дроны работают на спортивных объектах?

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве


Запись от имени Президента Беларуси сделана в книге соболезнований в посольстве Ирана


Сергей Собянин принял решение о расширении мер поддержки промпредприятий

Собянин рассказал о Международном форуме инноваций БРИКС

Сергей Собянин: Колледжи проведут Дни открытых дверей

Собянин рассказал о развитии инновационной экосистемы Москвы


Сергей Собянин. Главное за день

Российский рынок одноразовой биоразлагаемой посуды: итоги 2023 г., прогноз до 2027 г.

Четыре города ЦФО вошли в федеральный топ-10 по качеству жизни

Собянин рассказал о развитии инновационной экосистемы Москвы


Муфтий Москвы предупредил о последствиях запрета никаба в РФ

Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”

Сибирская школа геонаук ИРНИТУ проводит геологический семинар

Навальнисты в КПРФ снова поднимают голову


«Северная красота» пусков Плесецка

Истории жителей Поморья представили в семейном мюзикле в Архангельске

Архангельск впервые принял Всероссийские соревнования по танцевальному спорту

Общее дело: в новом сезоне волонтеры продолжат работу по сохранению объектов культурного наследия в Архангельской области


«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата

Литературный монолог «По праву памяти», к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова, советского и российского писателя.

Премию Фета получил поэт из Югры

Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ


Деменко заявил, что в Суперфинале Кубка России нет фаворита

Рязанские пионеры приняли участие в торжественной линейке на Красной площади

В Москве из университета эвакуировали примерно 70 человек в связи с задымлением

Прокуратура привела подробности стрельбы на юге Москвы














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *