Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

"Вагнер" Беларуста билим берүү уюму катары катталды

0

Орусиялык "Вагнер" менчик аскердик компаниясы Беларустун Могилев облусунда "билим берүү уюму" катары катталганы маалым болду.

Беларустагы Жеке ишкерлердин жана компаниялардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин сайтындагы маалыматка караганда, "Вагнер" компаниясы расмий түрдө 4-августта "билим берүү ишмердиги менен алектенген" жоопкерчилиги чектелген коом катары каттоодон өткөн. Баш кеңсесинин дареги Могилев облусунун Цель кыштагы деп көрсөтүлгөн.

Буга чейин аталган кыштакта Евгений Пригожиндин жалданма аскерлери отурукташканы кабарланган.

"Вагнердин" жоочулары Беларуска Орусиядагы "куралдуу козголоңдон" кийин көчө башташкан. Орус аскердик жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган Пригожин жалданма аскерлери менен 23-24-июнь күндөрү Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москваны көздөй багыт алган. Орто жолдон күтүүсүздөн артка кайтаарын жарыялаган. Буга анын телефондон Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшүүсү түрткү болгон.

"Беларуськи хаюн" долбоору ачык маалыматтарга таянып билдиргендей, Беларуска жалпысынан эки миңден ашуун "вагнерчи" кирди.

19-июлда жарыяланган Телеграм каналдарга жарыяланган видеодо Пригожин жоочуларына кайрылып: "Кайсы бир убакытка чейин биз бул жакта, Беларуста болуп турууну чечтик. Машыгуубузду улантып, деңгээлибизди көтөрүп, Африкага жөнөйбүз", - деген эле.

Пригожин керек болсо Александр Лукашенко үчүн согушуп, беларус куралдуу күчтөрүн "дүйнөдөгү экинчи армияга" айлантуу аракетин көрүп жатканын кошумчалаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *