Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Көлбаевдин кылмыш иши 2021-жылы кыскарганы кабарланды

0
Көлбаевдин кылмыш иши 2021-жылы кыскарганы кабарланды

Кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаевге козголгон соңку кылмыш иши 2021-жылы кыскарган. Бул тууралуу бүгүн 17-августта анын мурдагы адвокаты Сергей Манукян билдирди:

“Азыр ага карата эч кандай кылмыш иши жок. Казакстандагы кандайдыр бир маалымат боюнча негизсиз кармашкан. Андан кийин аныктап чыгышып, 2021-жылы кылмыш иши кыскартылган. Менин маалыматымда анын азыр эч кандай кылмыш ишине байланышы жок”.

Көлбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылы октябрь айында кармап, ал кылмыштуу топ түзүүгө айыпталып жатканын билдирген, бирок төрт айдан кийин тилкат менен абактан чыгарган. Мекеме 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешени адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгонун билдирген.

Бир нече жергиликтүү медиа күч органдарындагы булактарына таянып, кылмыш 2007-2009-жылдары жасалгандыктан аны териштирүү мөөнөтү өтүп кеткенинин, иш ошондуктан кыскарганын 16-августта жазып чыгышты.

УКМК азырынча бул боюнча расмий маалымат тарата элек, басма сөз кызматына кайрылганыбызда маалыматты тактап берерин билдирди.

Комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторду баш көтөргүс кыларын кайталып келет. 20-июлда өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып ал “Уюшкан кылмыш топтору толук жоюлат. Мындай топтордун жетекчилери, эгер Кыргызстанда тынч жашай албасаңар, анда өлкөдөн чыгып кеткиле. Эгер алар Кыргызстандан кетпеген болсо, жазаланат, эркиндикте жүрбөйт. Мен муну жоопкерчиликтүү түрдө айта алам", - деп эскерткен.

Көлбаев 2008-жылы Москвада «мыйзамдагы ууру» макамын алганы айтылып жүрөт. Аны АКШ 2012-жылы дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Ошол жылы ал мекенинде “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган” деген айып менен үч жылга соттолуп, 2014-жылы бошонуп чыккан.

Жакында абактардын биринде Көлбаевдин туулган күнү белгиленип, кримтөбөлдүн сүрөтү бар футболка кийген жыйырмадан ашык адамдын дасторкон үстүндө отурганы жарыяланып, кызуу талкуу жараткан. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *