Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Түркияда мигранттардын мыйзамсыз жол менен келүүсүн уюштургандар кармалды

0

Түркияда мигранттардын мыйзамсыз жол менен келүүсүн уюштурган деген шек менен 39 киши кармалды. Алардын бешөө чет элдиктер экенин ички иштер министри Али Ерликай билдирди.

Атайын операция Анталья, Мугла, Измир жана Балыкесир провинцияларында жүргөн.

Мыйзамсыз мигранттарды аныктоо боюнча рейддер Түркияда президенттик шайлоодон кийин эле башталган. Маалымат каражаттары жазгандай, бир эле Стамбулда күнүнө жүздөн ашуун киши кармалган учурлар болгон. Арасында Борбор Азия мамлекеттеринен баргандар да бар.

Али Ерликайдын айтымында, соңку эки айда рейддин алкагында 35 миң мигрант кармалган. Алардын 17 миңдейи депортацияланды.

"Озодлик" радиосу соңку кездери кармалгандардын арасында өзбек жарандары да арбын экенин жазды. Журналисттер белгилегендей, рейддер Стамбулдун борбор азиялык мигранттар иштеген Аксарай, Лалели жана Кумкапы райондорунда да жүрүүдө.

Буга чейин расмий Анкара 2022-жылы 1-июлдан тарта чет өлкөлүктөр жыш жашаган 1200 кварталда мигранттарды каттоо токтой турганын эскерткен. Калган райондордогу чет элдиктер жергиликтүү тургундардын cанынын 20% ашпашы керектиги да айтылган.

Расмий маалыматка ылайык, Түркияда 25 миңдей кыргызстандык жашап, окуп жүрөт. Алардын үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе,  көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен барышкан. Соңку жылдары Түркияда визанын бул түрү да берилбей жатканы утуру-утуру айтылып келет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *