Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Сауд Арабиянын ханзадаасы Ирандын тышкы иштер министри менен жолукту

0
Сауд Арабиянын ханзадаасы Ирандын тышкы иштер министри менен жолукту

Сауд Арабиянын ханзадаасы, тактынын мураскери Мохаммад бин Салман Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиян менен 18-августта Жиддада жолукту.

Эки өлкөнүн узак жылдарга созулган тирешүүсүнөн кийин жогорку даражалуу өкүлдөрү алгачкы ирет сүйлөшүү өткөрүштү.

17-августта падышачылыкка келген Абдоллахиян эки мамлекеттин алакалары "оң жолдо" экенин айткан.

Ирандын маалымат каражаттары делегациядагы өкүлдөрүнө шилтеме кылып жолугушуу "абдан жакшы өткөнүн" кабарлашты.

Саудиянын SPA мамлекеттик маалымат агенттиги тараптар эл аралык жана аймактагы окуяларды талкуулашканын билдирди.

Аймактык эки ири держава узак жылдарга созулган жаңжалдан кийин майда Бээжиндин арачылыгы менен дипломатиялык тирешине чекит коюп, элчиликтерин кайра ачуу тууралуу макулдашкан.

6-июнда Иран жети жылдан кийин Эр-Риядда кайрадан элчилигин ачты.

Эки мамлекеттин ортосундагы көп жылдан берки касташуу Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукка коркунуч туудуруп келген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *