Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Маңзат боюнча кармалган милиционерлерге байланыштуу 18 жетекчи жазаланды

0
Маңзат боюнча кармалган милиционерлерге байланыштуу 18 жетекчи жазаланды

Маңзат соодасына аралашкан деген шек менен кармалган милиция кызматкерлерине байланыштуу 18 жетекчи тартип жазасына тартылды. Бул тууралуу 18-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду, калган 12сине карата ар кандай тартип жаза чарасы колдонулду. Маселе ИИМдин коллегиясынын кезексиз жыйынында каралды.

17-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте синтетикалык маңзат соодасына шек саналган беш милиция кызматкери кармалганын билдирген. Кылмыш-жаза кодексинин "баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү", "опузалап пара талап кылуу" жана "кылмыш чөйрөсүн түзүү”  беренелери менен кылмыш иши козголгону маалымдалган.

"Кармалган милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, синтетикалык маңзатты өзү колдонуу үчүн сатып алган адамдарды аныкташкан. Аларды кармаган учурду телефонго тартып алып, камай турганын айтып, акча өндүрүп жүрүшкөн. Коркутуунун жана психологиялык басымдын астында милиция кызматкерлерине 20 миң сомдон беш миң долларга чейин берүүгө мажбур болушкан. Тергеп-иликтөөдө соңку эки жылда ушундай 200дөн ашык окуя тууралуу маалымат алынды. Бул синтетикалык баңгизатка каршы күрөшүүдөгү чыныгы абалды жаап-жашыруунун эбегейсиз көрүнүшү болуп саналат", - деп билдирген УКМК.

Кармалгандар атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген.

Милициянын маалыматына караганда, былтыр 230 килограммдан ашык психотроптук заттар алынып, онго жакын баңгизат лабораториясынын иши токтотулган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *