Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Будапештте Кыргызстан-Венгрия кызматташтыгы талкууланат

0
Будапештте Кыргызстан-Венгрия кызматташтыгы талкууланат

Кыргызстан менен Венгриянын кызматташтык маселеси жогорку деңгээлде талкууланганы жатканын бүгүн 18-августта президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 20-августта мамлекет башчысы Садыр Жапаров иш сапар менен Венгрияга барат.

Борбор шаар Будапештке ал премьер-министр Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке (2023-жылдын 19-29-августунда өтөт) байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн жөнөп баратканын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Жапаров Орбан менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара карым-катнаштын келечегин талкуулай турганы маалымдалды.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы ачылган. Ошол эле жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынган. Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студент Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алат.

Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке Кыргызстандан жөө күлүк спортчулар Тимур Исаков жана Гүлшанай Сатарова катышат. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *